Түрк басма сөзү  15.10.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1720016
Түрк басма сөзү  15.10.2021

«Ватан» гезити «Талибан делегациясы Түркияда» деген кабарында Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Талибан курган Афганистан убактылуу өкмөтүндө тышкы иштер министрлигинин милдетин аткаруучу өкүл катары кызмат кылган Эмирхан Муттаки жана коштоосундагы делегация менен өткөргөн жолугшуудан кийин Талибан делегациясы менен Түркиянын Афганистанга берген колдоосун талкуулашкандарын айтып : «Алар дагы бизден өзгөчө гуманитардык жардам, ал жердеги инвестициялардын улантылышы тууралуу ушул күнгө чейин берген жардамдарыбыздын улантылышын суранышты»,- дегенин жазган.

«Йени шафак» гезити «Акар : Аткарылышы керек болгон эмне бар болсо убактысы келгенде аткарылат» деп жазып, Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Сириянын түндүгүнөн жасалган ПКК/ЙПГ кол салуулары тууралуу «Укук жана кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн эмне аткарылышы керек болсо урматтуу президентибиздин жетекчилигинде ушул күнгө чейин аткарылгандай убактысы келгенде аткарылат. Мындан эч ким шектенбесин»,- дегенин токтолгон.

«Сабах» гезити «Толук көз карандысыз коргоо өнөр жайына басым жасалды» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Коргоо өнөр жайынын аткаруу кемитетинин жыйынында жергиликтүү жана улуттук системаларга жаңыларын кошууга карата темалар талкууланып, «толук көз карандысыз коргоо өнөр жайына басым жасалгандыгын маалымдаган.

«Стар» гезити «Дагы эки өлкө түрк учкучсуз аба аппаратын сатып алууну каалап жатат» деп билдирип, Эфиопия жана Марокконун Байкар коргоо чыгарган куралдуу учкучсуз аба аппараттарынан сатып алуу өтүнүчүн билдиргенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Дүйнөнүн эң узун аялы» деп белгилеп Карабүк облусунун Сафранболу районунда жашаган Рүмейса Гелгинин 2 метр 15 сантиметрдик боюу менен «дүйнөнүн эң узун бойлуу аялы» катары Гиннес рекорддор китебине киргенин кабарлаган.



Тектеш кабарлар