Түрк басма сөзү 6.09.2021
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Йени шафак» гезити «Президент Эрдогандан Чыгыш Жер Ортолук деңизи билдирүүсү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, «Критер» журналына берген билдирүүсүндө Түркия катары эл аралык мыйзамдарды урматташкандарын белгилеп: «Биз каршы чыккан нерсе, эл аралык мыйзамдарды шылтоо кылып бизге таңуулоого аракет кылынган кош стандарт. Эми Чыгыш Жер Ортолук деңизинде укуктарыбызды коргобойбузбу? Үстөлдүн үстүндө даярдалган карталарды кабыл алабызбы? Жаныбызда курулууга аракет кылынган террор коридоруна каршы чыкпай жана унчукпай калабызбы? Албетте, бул мүмкүн эмес. Бул маселе боюнча эларалык укуктун чегинде зарыл болгон нерсени кылдык жана кылгандан да тартынбайбыз»,- дегенин жазган.
«Стар» гезити «Германиянын президенти Штайнмайердин Түркия билдирүүсү» аттуу маалыматында Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин түрктөрдүн анын өлкөсүнүн бир бөлүгү экенин айтканын билдирген. Штайнмайер, Түркия менен Германиянын ортосунда «өзгөчө мамиле» бар экенин баса белгилеп, «Түркия саясий салмагы жагынан да Германиянын стратегиялык маанилүү өнөктөшү», деп айтты.
«Хабертүрк» гезити «Акардан Грецияга диалог чакырыгы» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Түркия менен Грециянын ортосундагы көйгөйлөргө байланыштуу: «Маселелердин жакшы коңшулук карым-катнаштардын жана диалогдун алкагында эл аралык укуктун негизинде тынчтыкчыл ыкмалар менен чечиле турганына ишенебиз. Биз кандай болсо да диалогду жактайбыз»,-деп айтканын жазган.
«Хүррийет» гезити «Орусиялык туристтер Стамбулду тандашты» аттуу маалыматында ушул жылдын 9 айында Орусиядан Стамбулга 381 миң 346 туристтин келгени билдирилип, орусиялык туристтердин Стамбулда эс алууга болгон талабы жогорулаганы белгиленди.
«Сабах» гезити «Стамбул аэропортундагы тарыхый учур» деген кабарында дүйнөдөгү эң чоң аэропорттордун катарына кирген Стамбул аэропортуна, дүйнөнүн эң чоң жүргүнчү учагы Airbus 380 жана дүйнөнүн эң чоң жүк ташуучу учагы Антонов Ан-225 Мриянын конгонун билдирген.