Түрк басма сөзү 23.09.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1709442
Түрк басма сөзү 23.09.2021

«Йени Шафак» гезити: «Эрдоган: АКШ 20 жылга жооп берсин» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Американын CBS телеканалына маек куруп бергенин билдирген. АКШнын ооган качкындары үчүн көбүрөөк жоопкерчиликти алышы керектигин айткан Эрдоган: «Эмне үчүн АКШ 20 жылдан бери ал жакта болду, биринчи бул суроого жооп бериши керек», - деди.

«Хабер түрк» гезити: «Чавушоглунан дүйнөгө Ооганстан жана Аракан чакырыгы» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринин Ооганстан боюнча жыйынында «Эл аралык коомчулук Ооганстан менен алакасын улантышы керек» деп билдиргенин жазган. Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында аракандык мусулмандардын абалы боюнча өткөрүлгөн онлайн жыйында да сөз сүйлөп: «Рохинжа мусулмандарын эч качан өз тагдырына таштабайбыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити: «Түркия менен АКШ тыгыз байланышта болот» аттуу кабарында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Ак үйдө Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливан менен жолугушканын маалымдаган. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу карым-катнаштар, коронавирус (Ковид-19) жана глобалдык климаттын өзгөрүшү, ошондой эле Ооганстан, Сирия, Ирак, Ливия, Кипр, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана берки аймактык маселелер талкууланды.

«Сабах» гезити: «КТРК президенти Татар: Эрдоган БУУда биздин үнүбүз болду» аттуу малыматында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (КТРК) президенти Эрсин Татар, президент Режеп Таййип Эрдогандын Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясындагы Кипр боюнча билдирүүлөрүнө байланыштуу: «Урматтуу президент Эрдоган бул маселе боюнча эл аралык коомчулукка кайрылуу жасап биздин үнүбүз жана күчүбүз болду» дегенин кабарлаган. Татар тең укуктуулуктун Кипр маселесин чечүүнүн жалгыз жолу экенин айтты.

«Ватан» гезити: «Bayraktar TB3 куралдуу учкучсуз учуучу учак биринчи рейсин 2022-жылы ишке ашырат» деген кабарында TEKNOFESTтин Башкаруу кеңешинин төрагасы Селчук Байрактар, бүктөлө алган канаттары жана кыска аралыкка конуу-учуу өзгөчөлүгү бар, спутниктик башкаруу менен миңдеген чакырымга жете ала турган Bayraktar TB3 куралдуу учкучсуз учуучу учактын биринчи рейсин 2022-жылы аткарарын айтканын жазган. «Дүйнөнүн да багытын бурган учкучсуз учуучу учактарыбызды чыгарып жатабыз»,- деген Селчук Байрактар, робот учкучсуз учуучу аппараттарды иштеп чыгышканына да көңүл бурду жана бул долбоорлорду төңкөрүш  катары сыпаттады.



Тектеш кабарлар