Түрк басма сөзү 21.09.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1708531
Түрк басма сөзү 21.09.2021

«Сабах» гезити «Эрдоган: Түркиянын өсүп бара жаткан күчүн чагылдырган шедевр" деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШнын Нью  Йорк шаарындагы Жаңы Түрк үйү (Түркеви) имаратынын ачылышында сөз сүйлөп, бул имарат менен Түркиянын чоңдугун, тажрыйбасын жана күчүн чагылдырган бир шедеврды чыгарганын айтып: «Республикабыздын 100 жылдыгы болгон 2023 – жылга карай бара жаткан процессте Түрк үйү имаратыбыз эл аралык коомчулуктагы ордубуздун да чагылуусу болот»,-дегенин кабарлаган.

«Хабер түрк» гезити «Шентоп : Дүйнөнүн эң берешен өлкөсүбүз» деген макаласында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун Испанияда сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын эң көп жардам берген өлкө экендигин белгилеп: «Дүйнөнүн эң бай өлкөсү эмеспиз бирок эң бершен өлкөсүбүз. Түркия эң көп качкын алган өлкө. Түркияда 4 миллиондон ашуун катталган сириялык жашап жатат. Акыркы бир канча айдан бери эмес, 10 жылдан бери жашап жатат»,-дегенин маалымдаган.

«Стар» гезити «Тарыхый  ийгилик : Түркия 132 өлкөнүн арасынан 2 -  орунду алды» деп жазып, 132 өлкө жарышкан Глобалдык Инновация Индексинде Түркиянын 41 -  орунга жогорулап тарыхындагы эң мыкты тизмеге жетишкендигине токтолгон. Индексте орун алган 132 өлкөнүн ичинде Түркия эң чоң секирик жасаган өлкөлөрдүн арасында 2 -орунду алды.

«Йени шафак» гезити «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары бул жылы Бурсада» деген кабарында Бурсанын мэри Алинур Акташ маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой жана Өзбекстан маданият министри  Озодбек Назарбеков да катышкан өткөрүп берүү салтанатында Хива мэри Темур Давлетовдон «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары» наамын  расмий түрдө өткөрүп алгандыгын  белгилеген.

«Хүррийет» гезити «Троя музейине Европадан атайын сыйлык» деп жазып, 2020  Европа Жылдын Музейи атайын сыйлыгын алган Троя музейи Европанын негизги музей сыйлыктарынан «Европа Музей Академиясынын» атайын сыйлыгына ылайык көрүлгөндүгүн кабарлаган. Троя музейи эки сыйлыкты алган алгачкы түрк музейи болду.

 

 



Тектеш кабарлар