Түрк басма сөзү 14.09.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1705941
Түрк басма сөзү 14.09.2021

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган, биз Түркияны инвесторлор үчүн жагымдуу өлкөгө айландырдык» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркияны инвесторлор үчүн жагымдуу өлкөгө айландырганын белгилеп, Түркиянын потенциалына ишенген жана экономикасына ишенген бардык инвесторлордун жанында болууну улантарын айтканын баяндаган. Президент Эрдоган, экономикада өсүү сызыгынын улана турганын айтты.

«Хүррийет» гезити «Эрдогандын китеби; «Адилеттүү дүйнө мүмкүн»» деген кабарында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челиктин президент Эрдогандын «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» аттуу китебинин басылып чыкканын белгилеп: «Бул китепте өлкөбүз жетектеген саясий жана ар кандай темалар баяндалган», - деп айтканын баяндаган.  Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) иштебей калганын баса белгилеген Челик: «Бул китепте Түркиянын кандай реформа сунуштарын киргизгени көрүнүп турат», - деди.

«Йени Шафак» гезити «Чавушоглунун Ооганстан үчүн дүйнөгө болгон чакырыгы: Биз бирге аракет кылышыбыз керек» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ооганстандын жогорку деңгээлдеги министрлер жыйынында сөз сүйлөгөнүн маалымдаган. Ооган элине гуманитардык жардам жеткирүүнүн адамзаттык милдет экенин белгилеген Чавушоглу: «Ооганстандагы кризис бүткүл дүйнөгө түздөн -түз таасирин тийгизет, ошондуктан азыр чогуу аракет кылышыбыз керек», - деди.

«Стар» гезити «АКШдан Түркияга Ооганстан боюнча рахмат айтылды» деген маалыматында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Ооганстандын борбору Кабулдагы «Хамид Карзай» атындагы эл аралык аэропортунун ачылышы боюнча Түркия жана Катар менен тыгыз кызматташып жатышканын баса белгиледи жана азыр чартердик рейстер ачылган аэропорт үчүн бул эки өлкөгө ыраазычылык билдиргенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «TEKNOFEST 2021ге саналуу күндөр калды» деген кабарында TEKNOFEST Авиация, космос жана технология фестивалы 21-26-сентябрь аралыгында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда өтөөрүн маалымдаган. Көпчүлүк күткөн иш -чарада балдарды «Techno Adventure» долбоору күтүп турат.



Тектеш кабарлар