Түрк басма сөзү 06.09.2021
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.
«Сабах» гезити «Улуттук коргоо министрлиги: 1 - январдан тарта 1865 террорист жок кылынды» деген кабарында улуттук коргоо министрлиги тарабынан кечээ берилген маалыматта : «Бир айда өлкө ичи жана чек ара тышында 22 операция жүргүзүлдү. 2015 - жылы 24 - июлдан ушул кезге чейин 18 455, бул жылдын башынан тарта 1865 террорист жок кылынды»,- деп билдирилгендигин кабарлаган.
«Хүррийет» гезити «Бул жылы 143 террорист багынды» деп жазып, ички иштер министрлигинин ынандыруу иштеринин натыйжасында ПКК жикчил террордук уюмдан качкан 1 террористтин дагы коопсуздук күчтөрүнө багынгандыгын, ушундайча бул жылы багынган террорист саны 143кө жеткендигин билдиргенин кабарлаган.
«Стар» гезити «Түркия коңшуларына 8 айда 12, 5 миллиард долларлык экспорт жасады» деген маалыматында Түркиянын бул жылдын январь - август айларында коңшулары Болгария, Иран, Ирак, Грузия, Сирия жана Грецияга жасаган экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 34, 5 пайызга өсүп 12, 5 миллиард долларга чыккандыгын белгилеген.
«Хабер түрк» гезити « «Флашбеллекке» АКШда сыйлык берилди» деген макаласында Дервиш Заим режиссеру болгон «Флашбеллек» аттуу фильмдин АКШнын Нью - Йоркто өткөн New York Independent Cinema Awards фестивалынан «Мыкты эл аралык фильм» сыйлыгын алгандыгын жазган.
«Ватан» гезити А улуттук команданын эркек волейболчуларынын Европа чемпиондугунда Түндүк Македонияны 3 – 0 эсебинде утуп группадан чыгууну кепилдикке алгандыгын маалымдаган.