Түрк басма сөзү 24.08.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1696325
Түрк басма сөзү 24.08.2021

«Йени Шафак» гезити  «Эрдогандан Ооганстан дипломатиясы: Биз бардык керектүү кадамдарды жасайбыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган, Ооганстандагы акыркы окуялар жана иммиграция көйгөйүнө байланыштуу катуу дипломатиялык алакаларды жүргүзүүдө экенин жазган. Эрдоган эки күндүн ичинде 6 өлкөнүн лидерлери жана Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы (Шарль Мишель) менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эрдоган: «Биз аймагыбыздагы стабилдүүлүктү камсыз кылуу жана мамлекетибизди иммиграция кысымынан коргоо үчүн зарыл болгон бардык кадамдарды жасайбыз»,-деди.

 «Ватан» гезити «Президент Эрдоган медалга жетишкен спортчулар менен жолугушту” деген кабарында президент Эрдогандын Токио -2020 Олимпиада оюндарында медаль алган улуттук спортчулар менен Президенттик комплексте кечки сый тамакта жолугушканын маалымдаган. Эрдоган, өлкөнү намыс менен тааныткан спортчулар жана алардын баалуу үй -бүлөлөрү жана машыктыруучулары менен жолугушуп отурганы үчүн абдан сыймыктанганын айтты.

«Сабах» гезити «Түркия мигранттардын лагери эмес» деген маалыматында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челиктин бир катар мамлекеттердин ооган миграциясына байланыштуу билдирүү жасаганын баса белгилеп: «Түркиянын башка качкынды батыргыдай дарамети калган жок», дегенин баяндаган. Өлкөсүнүн мигранттардын лагери эмес экенин айткан Челик: «Түркия чек араларына коргойт»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Британ басма сөзүнүн калпы чыкты» деген макаласында 24 сааттын ичинде британ маалымат каражаттарынын ооган качкындары үчүн Түркия менен Пакистанда чогултуу борборлору түзүлөт деген маалыматы жалган экени ачыкка чыкканын маалымдаган. Бул жаңылыкты чыгарган BBCнин түркчө кызматы кечирим сурап, кабарды алып салды. Тышкы иштер министрлиги: «Ушул убакка чейин бул багытта эч бир өлкөдөн расмий кайрылуу болгон эмес. Бул багытта өтүнүч кылынса дагы, биз аны кабыл ала албайбыз»деген билдирүү жасады.

«Хабер түрк» гезити «Тордун султандары 4 оюнду тең жеңди» аттуу кабарында Аялдардын улуттук волейбол командасы Европа чемпионатында Румыниянын Клуж-Напока шаарындагы BT Arena стадионунда өткөн беттеште Финляндияны 3-0 эсебинде утуп, 4 оюнду тең жеңип чыкканын маалымдаган.



Тектеш кабарлар