Түрк басма сөзү 30.07. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1682760
Түрк басма сөзү 30.07. 2021

«Сабах» гезити «Азербайжан менен Түркияны байланыштыра турган коридор» деген кабарында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары Нуман Куртулмуштун Азербайжанды түрк дүйнөсүнө жана Түркия менен байланыштыра турган  Зенгезур коридорунун абдан чоң мааниге ээ экендигин белгилегенин кабарлаган. Куртулмуш : «Бул коридор турмушка ашырыла турган болсо бир гана Бакуга эле эмес түрк республикаларына да үзгүлтүксүз транспорт мүмкүнчүлүгү түзүлөт»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Түркия Ливияда талаш  - тартышсыз актерлордун бири» деген маалыматында Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Борреллдин Испаниянын «Ел Паис» гезитине берген маегинде Түркиянын Ливияда талаш  - тартышсыз негизги актер болгондугун айтканын билдирген. Ливияда түрк деңиз базаларынын бар экендигин баса белгилеген Борелл : «Бул да Түркиянын Ортоңку Жер Ортолук деңиз аркылуу өткөн миграцияда таасири болот деген мааниде»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Афган миграциясына каршы 3 чара» деп жазып афган миграциясына карата чек аралардагы чаралар бекемделип, түрк куралдуу күчтөрү үч этаптуу коопсуздук системасын ишке ашырып жаткадыгын маалымдаган. Биринчи этапта байкоо, көзөмөлдөө, күзөт, экинчи этапта бөгөт коюу, үчүнчү этапта да камакка алуу, депортациялоо  жана сот иштери бар. Коопсуздук булактары афган качкындар тууралуу соцтармактардан жарыяланган фотографиялардын көпчүлүгүнүн актуалдуу же Түркия чек араларында тартылган фотографиялар эмес экендигин маалымдады.

«Стар» гезити «Жаратылыш газда жаңы кабар күтүлүүдө» деген макаласында жаратылыш газ ачылуулары тууралуу маалымат берген энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин : «Бизге 10 жылга жете турган газды бул жерден таптык. Ачылуулар улантылууда жана үмүтүбүз чоң. Жылдын акырында же алдыдагы жылдын башында батыштан жакшы кабарды бөлүшө алабыз. Максатыбыз энергетикада тышка болгон көз карандылыкты жок кылуу»,- дегенин кабарлаган.  

«Ватан» гезити «Түркиянын жаңы күчү SANCAK» деген жазуусунда Американын коргонуу маалымат сайттарынан Defense Newsта  жарыяланган кабарда Түркияда чыгарылган SANCAKтын жогорку жөндөмдүүлүгү таанытылгандыгын белгилеген. Жазууда система максаттуу түзмөктөрдүн сигналдарын бузуп, жерден, абадан жана жакын аралыктан тик толкундар менен байланышка тоскоол боло аларына көңүл бурулду. «Система жогорку жыштыктагы түзмөктөрдү бөгөттөөгө багытталган. Ушундайча бута аппаратта жаңылыш маалымат билдирип дос аскерлердин тактикалык аянтта артыкчылыкка ээ болушу камсыздалат»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар