Түрк басма сөзү 28.07. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1681468
Түрк басма сөзү 28.07. 2021

«Стар» гезити «Президент Эрдоган : максат 500 миллион долларга жетүү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Анголанын президенти Жоао Мануэль Гончалвес Луренчо менен өткөргөн биргелешкен пресс- жыйында эки өлкөнүн ортосунда соода көлөмүнүн төмөн экендигин белгилеп : «Азыркы учурда соода көлөмүбүз 176 миллион доллар. Эки күчтүү өлкө үчүн бул соода көлөмү абдан аз. Биринчи кезекте келишимибиз 500 миллион долларга жетүү»,- дегенин билдирген.

«Йени шафак» гезити «Американын Форбес журналы : Түркия куралдуу учкучсуз аба аппараты тармагында экспорт базарын түзүүдө» деген макала жарыялап дүйнөлүк басма сөзүнүн Түркиянын учкучсуз куралдуу аба аппараттарынын ийгилигинен сөз кылууну улантып жаткандыгын маалымдаган. Борбору АКШ болгон «Форбес» журналы учкучсуз аба аппараттарында Түркиянын чоң бир экспорт базарын түзгөндүгүн жазган. Кабардаучкучсуз куралдуу аба аппараттарынан НАТО мүчөлөрү менен Европа өлкөлөрүнөн да кардарларды таба баштагандыгы жазылган.

«Ватан» гезити «Түркия Иран чек арасында кыймылга өттү» деп жазып Ван губернатору Мехмет Эмин Билмездин миграциянын артышы менен Түркия- Иран чек ара коопсуздугунун түзүлүшү, мыйзам тышы жолдор менен өтүү, коррупциялык иштерди алдына алуу жана террористтердин өтүшүнө тоскоол болуу максатында 295 километрдик чек ара жолунун баарына дубал тургузуларын белгилегенине токтолгон.

«Хүррийет» гезити «Дүйнөнүн алгачкыкүлүмсүрөгөн» быйтыкчасыортого чыкты» деген макаласында Газинатептин Сирия чек арасындагы Каркамыш районундагы байыркы шаарда 4 жыл мурда үстүндө «күлүмсүрөгөн» быйтыкча болгон суу идиши табылгандыгын маалымдаган. 3 700 жылдык суу идишинин үстүндөгү күлүмсүрөгөн быйтыкчанын дүйнөнүн алгачкы быйтыкчасы экендиги белгиленди. Газиантеп археологиялык музейинде көргөзмөгө коюлган суу идишин 1 айда 10 000 адам келип көрдү.

«Сабах» гезити «Антальяга 9 күндө жарым миллиондон ашуун турист келди» деген кабарында Антальяга 17 – 25 -июлду камтыган 9 күндүн ичинде Россиядан 200 миң 356, Германиядан 76 миң 152, Украинадан 68 миң 663, Польшадан 28 миң 898 жана Казакстандан 15 миң 917 жана башка өлкөлөрдөн 562 миң 907 чет элдик туристтин келгендигин маалымдаган.



Тектеш кабарлар