Түрк басма сөзү  27.07.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1680678
Түрк басма сөзү  27.07.2021

«Хүррийет» гезити «Түркия жаңы бир миграция толкунун мойнуна албайт» деген кабарында тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгичтин Австриянын премьер  - министри Себастьян Курздун  афган качкындар үчүн Түркиянын туура жер экендигин белгилеген билдирүүсүнө байланыштуу : «Түркия аймактан чыккан массалык миграция кризисинин жыйынтыктарына чыдай албайт жана жаңы бир миграция толкунун моюнга ала албайт»,- деп каршылык көрсөткөндүгүн жазган. Билгич Австриянын эл аралык милдеттерине жана Европа Биримдигинин эрежелерине ылайык афган качкындарды коргоого мажбур экендигин белгиледи.

«Сабах» гезити «Түркия Тунис калкынын жанында» деген макаласында дүйнө жана демократиянын элчиси болгон өлкөлөрдүн Тунистеги демократияга кийлигишүүгө үн катышпагандарын дагы бир жолу көрсөткөндүгүн маалымдаган. Түркия болсо Тунис парламентинин жоопкерчилигинин токтотулгандыгы тууралуу кабарды алган минутадан тарта төңкөрүш кыймылын айыптады жана Тунис калкынын жанында экендигин билдирди.

«Йени шафак» гезити «ТРТнын даректүү фильми  рекордго жетти» деп жазып, Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨнүн караңгы түзүлүшүн, 2016 -  жылы 15 -  июлдагы төңкөрүш кыймылына барган процесстеги белгисиздиктерди баяндаган «Махрем» аттуу даректүү фильмдин ТРТ  1де  көрсөтүлгөндүгүнө токтолгон. 10 бөлүм жарыялана турган «Махремдин»  биринчи бөлүмү рекордго жетип, Youtubeда  да миңдеген киши көрдү.

«Хабер түрк» гезити «Экономикага ишеним 9 жылдын эң чокусунда» деген макаласында өндүрүш, экспорт буюртмалары,  жумуш менен камсыз кылуу жана туруктуу капитал инвестициялары сыяктуу маанилүү нерселерден турган реалдуу сектордун ишеним индекси июль айында 1,8 баллга жогорулап, 114,8 көрсөткүч менен 9 жылдын эң  чокусуна жеткендигин кабарлаган. Бул деңгээл;  2012-жылдын апрелинен бери эң жогорку деңгээл болду.

«Ватан» гезити «Сабиха Гөкчен аэропортунан эки күндө чоң рекорд» деп билдирип, Стамбул Сабиха Гөкчен эл аралык аэропортунун жаңы бир рекордго кол койгондугун маалымдаган. Сабиха Гөкчен 24 -  июль ишемби күнү 106 миң 463, 25 -  июль жекшемби күнү 110 миң 420 жүргүнчүнү тейлегендигин жазган. Жуманын акырында жалпы 216 миң 883 жүргүнчү менен 2021 -  жылдын эң жогорку жүргүнчү статистикасына жетти.



Тектеш кабарлар