Түрк басма сөзү 29.06.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1666576
Түрк басма сөзү 29.06.2021

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Санарип инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө бел байладык» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Анкарада Түрксаттын Гөлбашындагы кампусунда Türksat 5A Спутникти ишке киргизүү аземинде сөз сүйлөгөнүн маалымдаган. Президент Эрдоган Түрксат 5Анын ачылышында «Биз санарип доорунун мүмкүнчүлүктөрүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн алдында өз элибиздин колдонуусуна камсыздап жатабыз. Биз санариптик инфраструктураны, айрыкча өнөр жайдан коммерцияга, мамлекеттик кызматтан билим берүүгө жана саламаттыкты сактоого чейин дагы өнүктүрүүгө чечкиндүүбүз».

«Хүррийет» гезити «Түркия экономикада дүйнөнүн жаркыраган жылдызы боло алат» аттуу маалыматында Түркиянын 2010-жылдын биринчи жарымына чейин ушунчалык алгылыктуу экономикалык көрсөткүчтөргө ээ болгонун, дүйнөнүн жаркыраган жылдыз наамына татыктуу деп эсептелгендигин айткан Эжзажыбашы холдингинин башкаруу кеңешинин төрагасы Бүлент Эжзажыбашынын Түркиянын экономикасы дагы ошондой мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин баса белгилеп, «Биз мурункудай кылып дагы бир жолу жасай алабыз» дегенин баяндаган.

«Ватан» гезити «Россиядан Бодрумга 83 миллион долларлык инвестиция» аттуу маалыматында Бодрумга 83 миллион долларлык инвестиция Орусиядан келгенин маалымдаган. Россия-Түркия ишкерлер кеңешинин төрагасы Ахмет Паланкоев Мугланын туризм борбору Бодрумга орусиялык инвесторлор тарабынан 83 миллион долларлык инвестиция менен спорт жана көңүл ачуучу комплекс курула тургандыгын билдирди.

«Йени шафак» гезити «Измирдеги айыл чарба жарманкесине 80 өлкөдөн 774 бренд катышты» деген кабарында Европанын эң ири төрт айыл чарба жарманкесинин бири болгон Измирде (23-27-июнь) өткөн Эл аралык агроэкспо дыйканчылык жана мал чарба жарманкесинде түрк компаниялары 900 миллион доллардан ашуун суммага келишимдерге кол коюшканын белгилеген. Жарманкеге Франция, Россия, Индия жана Катардан чоң кызыгуу болуп, ага 80 мамлекеттен 100дөн ашык чет өлкөлүк 774 бренд катышкан.

«Стар» гезити «Стамбул аэропорту 3 күндө жаңы рекорд койду» деген маалыматында бир нече айдан бери Европада эң көп каттамдарды ишке ашырып келген Стамбул аэропорту 25-26-27-июнь күндөрү 100 миңден ашуун жүргүнчүнү кабыл алганын маалымдаган. Башка жагынан алганда, Стамбул аэропорту ушул 3 күндүк траффиктеги пандемия мезгилиндеги эң кызуу күндөрдү башынан өткөрдү.



Тектеш кабарлар