Түрк басма сөзү 14.06.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1657415
Түрк басма сөзү 14.06.2021

 

«Йени шафак» гезити  «Эрдоган: ПКК / ЙПГден ооруканага кол салуу үчүн жооп беришин талап кылабыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын НАТОнун саммити үчүн Бельгиянын борбору Брюсселге сапарынын алдындагы маалымат жыйынында террордук уюм ПКК / ЙПГ тарабынан Африндеги ооруканага болгон кол салууга токтолуп: «Бул террордук кол салуу ПКК / ЙПГнин мыкааачы жана ырайымсыз уюм экендигин көрсөттү. Өлкөбүздө бейкүнөө адамдарды, Сириядагы жарандарды жана Иракта жашаган күрт боордошторубузду өлтүргөн бул шылуундардан төгүлгөн ар бир тамчы кан үчүн биз жооп беришин талап кылабыз»,дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Тель-Рифаттагы террордук уюмга ТКК тарабынан катуу сокку» аттуу маалыматында ПКК / ЙПГнин Африндеги ооруканага кол салуусунан кийин Мехметчик (Түрк аскери) Тел Рифаттагы террордук буталарды атканын маалымдаган. «Жазалоо» атууларынын натыйжасында, штаб деп аталган 3 имарат жана террористтер колдонгон баш калкалоочу жай жана позиция талкаланып, көптөгөн террористтер зыянсыздандырылды.

«Сабах» гезити «Акардан Ливияга билдирүү: дүйнө муну унутпашы керек» деген кабарында Ливияга болгон иш сапарында Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын «(Козголоңчу Хафтар) Ливиянын Аскер Академиясынын студенттерин кырып, жүздөгөн адамдарды массалык мүрзөлөргө көмдү. Ошол адамдардын үй-бүлөлөрү аябай кыйналды. Дүйнө муну унутпашы керек»,дегенин баяндаган.

«Стар» гезити «Түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарына (КУУА) каршы мүмкүнчүлүгүбүз болбойт эле» деген маалыматында немис армиясынын Тоолуу Карабахта Азербайжанга каршы согушкан болушу ыктымалдыгын баалаган Германиянын Коргоо жана стратегиялык изилдөө институтунда подполковник Майкл Карл: «Түркиянын КУУAларына каршы бизде мүмкүнчүлүк болбойт эле»,- деп айтканын баяндаган.

«Хабертүрк» гезити «Эмерек, кагаз жана токой өнүмдөрүнүн экспорту 28 пайызга өстү» деген кабарында Түркиянын эмерек, кагаз жана токой өнүмдөрүнүн экспорту ушул жылдын алгачкы 5 айында 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28 пайызга өсүп, 2,6 миллиард долларга жеткенин, ал эми эмерек бул көрсөткүчтүн 1,6 миллиард долларын түзгөнүн маалымдаган. Мебель экспорту боюнча алдыңкы 5 орунга Германия, АКШ, Франция, Израиль жана Ирак кирген.



Тектеш кабарлар