Түрк басма сөзү 10.06.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1655208
Түрк басма сөзү 10.06.2021

«Сабах» гезити «Түркия менен Кыргызстандан ФЕТӨ менен күрөшүү боюнча кызмтташуу» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен борбор шаар Анкарада өткөргөн пресс  - жыйынында сөз сүйлөп : «Фетуллахчы террордук уюм башта болгон бардык террордук уюмдар менен күрөшүүнү карап чыктык. ФЕТӨнүн эки өлкө үчүн улуттук коопсуздук коркунуч экендиги тууралуу бирдей пикирдебиз»,- дегенин жазган. Эрдоган : «Бирдикте бул коркунучту жеңебиз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу : АКШ Түркия менен кызматташуу түзүүнү каалайт» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун АКШнын  Ливия жана Сирия маселесинде эле эмес, Жер Ортолук деңизинен Кара деңизге жана Кавказияга чейин бир топ тармакта Түркия менен кызматташуу түзүүнү каалагандыгын белгилегенин кабарлаган. Абадан коргоо системалары тууралуу альтернативдердин бар экендигин баса белгилеген Чавушоглу : «АКШ Патриоттор тууралуу кепилдик бербесе да башка союздаштарыбыздан да абадан коргонуу систеталарын ала алабыз»,- деди.

«Стар» гезити «АКШ басма сөзү : ПКК/ЙПГге берилген колдоо чоң маселе» деп жазып, АКШнын басма сөзүндө орун алган бир макалада Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмуна берилген колдоонун Түркия менен карым  - катнаштарда чоң бир маселе экендиги баса белгиленгендигине көңүлдөрдү бурду. АКШнын ПКК/ЙПГ менен түзгөн жаңылыш өнөктөштүгү тууралуу НАТО союздашы Түркиянын тынчсызданууларын көрүшү керектиги белгиленген макалада : «АКШнын президенти Жо Байдендин бул жерде тайманбас аракети, эки тараптуу карым  - катнаштарды маанилүү өлчөмдө жакшыртышы мүмкүн. Иштин негизги жери ушул»,- деп билдирилди.

«Ватан» гезити «Түркиянын улуттук аскердик учагы көргөзмөгө чыкты» деген макаласында улуттук аскердик учак борбор шаар Анкарада 3-натыйжалуулук жана технология жарманкесинде көргөзмөгө коюлгандыгын маалымдаган. Биринчи жолу көргөзмөгө коюлган  учак чоң кызыгуу көрүүдө. Түркия АКШ, Россия жана Кытайдан кийин көрүнүшү төмөн, маневрлүүлүгү жогору жана жасалма интеллект менен 5-муундагы согуштук учак чыгарат. Улуттук аскердик учактын 2023-жылы ангардан чыгарылышы пландалууда.

«Хабер түрк» гезити : «Түрк вакцинасы акыркы баскычка келди» деген кабарында саламаттыктык сактоо министри Фахреттин Кожанын Түркияда Ковид  - 19га каршы көп сандаган вакцина чыгаруу долбоорунун улантылып жаткандыгын, бирөөсүндө акыркы баскычка келингендигин айтканын жазган.



Тектеш кабарлар