Түрк басма сөзү  08.06.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1653765
Түрк басма сөзү  08.06.2021

«Хүррийет» гезити «Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : Франция менен карым  - катнаштарыбызды бири бирибизге карата урмат  - сыйдын негизинде күчтөндүрүүнү максат кылуудабыз» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ расмий сапар менен барган Франциянын борбор шаары Парижде кесиптеши Жан Ив Ле Дриан менен өткөргөн жолугушуу тууралуу твиттерден маалымат берип : «Ле Дриан менен эки тараптуу карым  - катнаштар, аймактык жана эл аралык абалдарды карап чыктык. Франция менен карым  - катнаштарыбызды бири бирибизге болгон урмат  - сыйдын  негизинде күчтөндүрүүнү максат кылуудабыз»,- деп билдиргенин жазган.

«Сабах» гезити «Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез :  кошумча резервдерди таба алабыз» деген макаласында энергетика жана жаратылыш ресурстар министри Фатих Дөнмездин Түркиянын керектөөчүдөн өндүргөн өлкө болууга карай бара жаткандыгын айтып : «Азыркы учурда Сакаря газ аянтынын түндүк – чыгышында иштеп жатабыз. Балким бул жылдын ичинде ал аянттын түштүк жана батышында бургулоо кудугун ачышыбыз мүмкүн»,- дегенин билдирген.

«Хабер түрк» гезити «Европада  санариптик реклама инвестициялары эң көп өскөн өлкө Түркия болду» деп жазып, Европада санариптик реклама инвестициялары 6, 3 пайызга өсүп 70 миллиард еврого жакындап, Түркия 34,8 пайыз менен 28 өлкөнүн арасында эң көп өскөн өлкө болгонун билдирген.

«Стар» гезити «Түркияга келип куралдуу учкучсуз аба аппараттарын жакындан иликтеди» деген маалыматында Латвиянын вице  - премьер  - министри жана коргоо министри Артис Пабрикстын кечээ «Байкар улуттук куралдуу учкучсуз аба аппараттары Ар  -  Ге жана өндүрүүчү комплекстерин көрүп, твиттер эсебинен : «Түрк өнөр жайынын Ар  -  Геси  (изилде – өнүктүр) жогорку дүйнөлүк стандарттарга ээ. НАТО союздашы катары буга чоң маани беребиз»,- деп жазгандыгын маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Беш айда 30 миллон жүргүнчү аба жолун пайдаланды» деп билдирип Мамлекеттик аба аянттарын иштетүү боюнча башкы директорлугу тарабынан билдирилген январь  -  май мезгилине таандык учак, жүргүнчү жана жүк статистикаларына караганда Түркияда беш айда аба жолун колдонгон жүргүчү саны 30 миллионго жакындаганын кабарлаган.



Тектеш кабарлар