Түрк басма сөзү  7.06. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1652995
Түрк басма сөзү  7.06. 2021

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган жарыялады! Террор уюмуна оор сокку урулду» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын твиттерден Улуттук Чалгындоо Уюмунун ийгиликтүү операциясы менен ПКК террордук уюмдун башкаруучусу жана Түндүк Ирактагы Махмур аймагынын жооптуусу Селман Бозкырдын жок кылынгандыгын жарыялаганын жазган.

«Стар» гезити «Акар : Түрк деңиз күчтөрү бардык убактардын рекордуна жетти» деген макаласында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын : «Түрк деңиз күчтөрү 200 000 саат кыймылда болуу менен бардык учурлардын рекордуна жетти. Куралдуу күчтөр, деңиз күчтөрү тарыхыбызга жаңы бир бет жаздыңар, жаңы бир бет коштуңуздар»,- дегенин кабарлаган.

«Сабах» гезити «Эң таасирдүү баллистикалык коргоого ээ» деп жазып, президенттиктин коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демирдин соцтармактан берген билдирүүсүндө «Леопард 2А4» танктары үчүн чыгарылган курал – жарак пакетинин  массалык өндүрүүгө өтүлгөндүгүн жана танктарга интеграциясынын башталганлыгын билдиргенине токтолгон. Демир : «Курал  -  жарак пакети азыр да дүйнө армияларындагы «Леопард 2А4» танктарында колдонулган эң таасирдүү баллистикалык коргоого ээ»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Пакдемирли : Суу продукциялары экспортубуз 1 миллиард 63 миллион долларга жетти» деген маалыматында айыл  - чарба жана токой чарбачылыгы министри Бекир Пакдемирлинин 2020 -  жылы суу продукцияларынын 785  000 тонна болуп ишке ашкандыгын жана тармактын 1 миллиард 63 миллион долларлык экспорт санына жеткендигин айтканын белгилеген.

«Йени шафак» гезити «Түрк аба жолдорунан 15 айдын рекорду» деп маалымдап, 2021 – жылдын биринчи 5 айында Европа аба аянтында эң көп каттамды ишке ашырган аба жолу түрк аба жолунун жума күнү аткарган 863 каттамы менен акыркы 15 айдын эң жогорку күнүмдүк каттам санына жеткенин жазган.

 

 



Тектеш кабарлар