Түрк басма сөз. 31.05. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1648661
Түрк басма сөз. 31.05. 2021

«Йени шафак» гезити «Чавушоглу : Севилья картасынан баш тарткыла» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун грек "To Vima" гезитине берген маегинде Грециянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги «аралдар» континенттик шельф деген дооматы менен  даярдаган «Севилья картасына токтолуп : «Севилья картасынан баш тартуу керек. Түркиянын бир гана Эгей жана Жер Ортолук деңиз жээктери менен чектелип каларын ойлогон грек тарабынын эсебинин жаңылыш экендигин кайталаймын»,- дегинин  жазган.

«Стар» гезити «Министр Караисмаилоглу Карабахтын курулушунда Азербайжан менен бирге иштешерин айтты» деген маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун Карабахтын курулушу тууралуу Түркия республикасынын тажрыйбаларын бөлүшөрүн жана Азербайжан менен бирдикте иштешерин айтканын белгилеген.

«Ватан» гезити «Ири кампания Түркияда телефон чыгара баштады» деген макаласында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын Арчелик менен күчтөрүн бириктирген ири технология кампаниясы TCLдин Текирдагда смартфон телефон чыгара баштагандыгын айтып,  глобалдык маркаларга чакыруу салып : «Бир гана Түркия базарын эмес, Түркиядан экспорт кылууну да ойлонуңуздар»,- дегенин белгилеген.

«Хүррийет» гезити «Атуу жана айдоо сынагынан ийгиликтүү өттү» деп жазып, президенттиктин коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демирдин кургак жер күчтөрүнүн командирлиги үчүн башталган Ок өткөрбөс аскердик унаа ЗМАнын модернизация долбоорунун негизинде өндүрүшү аяктаган  алдыңкы прототипте унаа  айдоо жана атуу сыноолорунун ийгиликтүү өткөрүлгөндүгүн айтканына токтолгон.

«Сабах» гезити  "EuroLeagueде чемпион Анадолу Ефес! Эргин Атаман тарыхка өттү» деген макала жарыялады. Түрк аба жолдорунун EuroLeagueда тарыхында экинчи жолу финалга чыккан Анадолу Ефестин финалда Испаниянын күчтүү командасы Барселонанын 86 – 81 эсебинде жеңип EuroLeagueда чемпиондукка жетишкендигин маалымдаган.  Команданын башкы машыктыруучусу Эргин Атаман EuroLeagueде жетишкен биринчи түрк машыктыруучу катары тарыхка өттү.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар