Түрк басма сөзү  28.05.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1647201
Түрк басма сөзү  28.05.2021

«Сабах» гезити «Эрдоган нефть сүйүнчүсүн берди» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Кара деңизде 405 миллиард кубометр газдын табылышынан кийин кургактык аянттарындагы изилдөөлөрдүн да жыйынтыгы алына башташганын белгилеп : «Бир гана акыркы 1 жылда 3 жаңы кудукта нефть таптык»,- дегенин билдирген.

«Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглу : Израилдин жазасыз калышына карата таасирдүү чара көрүүбүз керек» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ БУУнун Адам Укуктары Кеңешинин Палестина боюнча атайын отурумунда сүйлөгөн сөзүндө : «Израилдин жазасыз калышына байланыштуу  таасирдүү чара көрүүбүз керек»,- дегенин маалымдаган.

«Стар» гезити «Түркиядан Европа Биримдигине кабар» деген макаласында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын кечээки билдирүүсүндө июнь айында боло турган Европа Биримдиги саммитинин маанилүү экендигин баса белгилегенин жазган. Калын : «Ал жерден Түркиянын күтүүлөрү тууралуу так кадамдын ташталышын күтүп жатабыз. Бул талабыбызды кайталайбыз»,- деди.

«Ватан» гезити «SİDA алгачкы атышын аткарды» деп жазып түрк коргоо өнөр жайы фирмаларынын кызматташуусу менен  чыгарылган "ULAQ" сериясынын биринчи палтформасы болгон куралдуу учкучсуз деңиз унаасынын (SİDA) кечээ Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги DENİZKURDU-2021 машыгуусунун алкагында алгачкы атуусун ишке ашырганына токтолгон.

«Хабер түрк» гезити «Эгейде туризм кыймылдуулугу башталды» деген кабарында Эгейдеги эс алуу аймактарында туризм сезонунун башталгандыгынан сөз кылып, Эгей туристтик ишканалары жана жайгаштыруу ассоциациясынын төрагасы Орхан Белгенин : «Германия, Нидерландия, Бельгия жана Кытайдан да резервациялар бар»,- дегенин жазган.

 

 

 



Тектеш кабарлар