Түрк басма сөзү 17.05.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1640585
Түрк басма  сөзү 17.05.2021

«Сабах» гезити «Эрдогандан Палестина жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы тууралуу билдирүү» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын «Сабах» гезитине маек бергендигин жазган. «Израиль деген террордук мамлекет агызган бул канга үн чыгарбагандарга бир күн келип бул процесс өздөрүнө да сокку урат»,- деди.  Эрдоган : «Кипр түрк калкынын укугун акырына чейин коргойбуз. Бирок өзүбүздөн башка эч кимге  ишенбей турганыбызды айтышым керек»,- деп билдирди.

«Ватан» гезити «БУУ Израилдин кылмыштарын тезинен күн тартибине алып келиши керек» деген макаласында Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоптун БУУнун Израиль жана Палестинага кагылышууларды токтотуу чакыруусунун жетиштүү болбогондугун белгилегенин жазган.  Шентоп : «БУУ Израилдин жарандарды кыргандыгын, мамлекеттик террорун жана кылган адамзаттык кылмыштарын тезинен күн тартибине алып келиши керек»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Израилдин кол салууларына карата үнсүз калуу кабыл алынгыс» деп жазып Израилдин кол салууларына карата БУУнун Коопсуздук Кеңешинин үнсүз турушунун «кабыл алынгыс» экендигин белгилеген Түркиянын БУУнун туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглунун : «Палестиналыктар үчүн эл аралык коргоо механизми түзүлүшү керек» деген сунушту билдиргенине токтолгон.

«Йени шафак» гезити «Палестинага Ливия модели» деген маалыматында мурунку контр  - адмирал Жихат Йайжынын Түркиянын Ливия сыяктуу Палестина менен да деңиздик уруксат келишимине кол коюну сунуш кылганын маалымдаган. Түркиянын деңизден Палестинага коңшу боло аларын белгилеген Йайжы : «Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен 2011 -  жылы кол коюлган континенталдык шельф келишими мисал боло алат. Бул келишим Түндүк Кипр Түрк Республикасынын БУУга мүчө болбогонуна карабастан жарактуу. Ошондой эле Палестина менен да бул келишимге кол коюла алат»,- деди.

«Стар» гезити «АКШнын Израилге берген жардамы адамзаттык тышы» деген кабарында Израилдин Газада палестиналыктарды бутага алган кол салуулары улантылып жаткандыгын, америкалык демократ сенатор Берни Сандерстин Израилге  жылына 4 миллиард долларлык аскердик жардам берген АКШ башкаруусуна каршылык көрсөткөндүгүн белгилеген. Сандерс : «АКШнын жардамдарын адам укуктарын бузуу үчүн колдонуу мыйзам тышы. Чукул түрдө ок атышпоого чакыруубуз керек»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар