Түрк басма сөзү 15.04.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1621616
Түрк басма сөзү 15.04.2021

«Хүррийет» гезити «Жаштар сурады, президент Эрдоган жооп берди» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ «Китепканадагы баарлашуулар» деп аталган иш-чаранын алкагында «Миллет» китепканасында жаштардын суроолоруна жооп бергенин маалымдаган. «Канал Стамбул» долбоору жөнүндө Эрдоган: «Биз өзүбүздүн көзкарандысыздыгыбыз менен эгемендигибизди толугу менен орноткон ишти алып келип жатабыз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглунун Египет тууралуу билдирүүсү» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээги билдирүүсүндө «Египет менен мамилелерде жаңы доор башталат, өз ара сапарлар жана сүйлөшүүлөр болот»,дегенин баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтун: Вилдерс расизмди, зомбулукту жана фашизмди өкүлдүк кылат» деген кабарында Нидерландиянын Эркиндик партиясынын лидери Гирт Вилдерстин «Исламды жана Рамазан айын токтот» деген бөлүшүүсүнө каршылык көрсөтүп, Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун: «Жүрөгү жок Вилдерс экстремизмди, расизмди, зомбулукту жана фашизмди өкүлдүк кылат. Ислам экстремизмди, зомбулукту, расизмди жана фашизмди айыптайт. Расизмди токтот»,-деди.

«Стар» гезити «Алардын каны жерде калган жок! Кызгылт-сары категориядагы террорист жок кылынды» аттуу маалыматында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун Диярбакырда 5 жаранды жана 1 жандармды шейит кылган, бири «кызгылт-сары» категориясындагы жикчил террордук уюм ПККнын мүчөсү болгон 2 террористтин жок кылынганын билдиргенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Башкы штабдын башчысы, армия генералы Яшар Гүлер АКШнын Башкы штабынын башчысы, генерал Марк Милли менен сүйлөштү» аттуу кабарында Башкы штабдын башчысы, армия генералы Яшар Гүлердин кечээ Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Башкы штабынын башчысы, генерал Марк Милли менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө болуп жаткан окуялар боюнча пикир алмашылды.



Тектеш кабарлар