Түрк басма сөзү 09.04.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1617738
Түрк басма сөзү 09.04.2021

 

«Сабах» гезити «Президент Эрдогандан жергиликтүү вакцина билдирүүсү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын кечээ Д  - 8дер уюмунун 10 -  саммитинде   Ковид  - 19га каршы чыгарылган  жергиликтүү  вакцина тууралуу «Түркия катары адамдарда сыналган жергиликтүү вакцинабызды эч ким калтырылбайт» деген принцип менен бүткүл адамзаттын пайдалануусуна сунабыз»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Немис FAZ гезити : «Түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары немис армиясын алдына алууга мажбурлады» деген макаласында Германиянын алдыңкы гезиттеринен Frankfurt Allgemeine Zeitung (FAZ)  Азербайжан колдонгон түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын 190дон ашуун армиян танкын жана ок өткөрбөс унаасын жок кылышы тууралуу кабарлардын немис армиясында шок жараткандыгын кабарлаган. Frankfurt Allgemeine Zeitungдагы макалада түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын бул ийгиликтеринин немис армиясын алдына алууга мажбурлагандыгы билдирилди.

«Йени шафак» гезити «Түркиядан 95 өлкөгө чай экспорттолду» деген маалыматында Түркиядан январь  -  март айларында 95 өлкөгө жасалган чай экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда  көлөмү жактан 23, баа базасында 33 пайызга артуу болгонун белгилеген.  Чай экспортунан алынган валюта кирешеси болсо 5 миллион 124 000 доллар болду.

«Хүррийет» гезити «Ла Лигадан Кападокия көрүнүштүү Ел Класикону таанытуу» деген кабарында Испаниянын Биринчи футболдук лигасынын (Ла Лига) 30 -  жумасында Реал Мадрид менен Барселонанын ортосунда 10 -  апрель ишемби күнү Ел Класико оюнунан мурда  Кападокиядан көрүнүштөрдү камтыган бир видео жарыялангандыгын билдирген. Таанытуу видеосунда  Кападокияда ысык аба шарынын үстүндө тарыхый пери моруларынын көрүнүшүнүн коштоосунда Реал Мадрид жана Барселонанын байрактары да орун алган.

«Хабер түрк» гезити «Бостон түрк кино  фестивалынын 20 -  өткөрүлүүдө» деген маалыматында түрк киносунан тандалган кинолор орун алган АКШдагы Бостон түрк кино фестивалынын 20 – сы 15 – 30 -  апрелде өткөрүлөрүнө токтолгон. Ковид  - 19  эпидемиясынан улам онлайн режимде боло турган фестивалде заманбап түрк кинолору америкалык көрүүчүлөргө көрсөтүлөт.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар