Түрк басма сөзү 01.04.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1612607
Түрк басма сөзү 01.04.2021

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Орозо айттан кийин Шушага барам» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түрк Кеңешинин Мамлекет башчыларынын саммитинде сүйлөгөн сөзүндө: «Карабахта түрк мурастарын сактоо үчүн бардык каражаттар менен Азербайжандын жанында болууну улантуу маанилүү. Биз Рамазан майрамынан кийин мүмкүн болушунча эртерээк Шушага барып, жаңы майрамдык маанайды өткөрөбүз деп үмүттөнөбүз»,-деп атканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Түркиядан АКШга катуу каршылык» аттуу маалыматында Түркиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Адам укуктары боюнча чуулгандуу докладына катуу каршылык көрсөткөнүн жазган. Билдирүүдө: «Демократиябызга кастык кылган, жүздөгөн жарандарыбызды шейит кылган жана 15-июлдагы чыккынчылык төңкөрүш аракетинин күнөөкөрү ФЕТӨ тууралуу быйылкы отчетунда «Гүлен кыймылы» деп аталышы, АКШнын бул террордук уюм менен болгон адилеттүү күрөшүбүздү дагы деле түшүнбөгөнүн, бул террордук уюм тууралуу конкретүү далилдерди четке каккандыгын жана отчет даярдап жатканда белгилүү чөйрөлөрдүн пикирлеринин куралы болгонун көрсөтүүдө»,делди.

«Стар» гезити «Министр Варанктын атамекендик вакцина билдирүүсү» деген кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын атамекендик вакцинанын инновациялык изилдөөлөрү боюнча: «Эгерде бардык этаптар ийгиликтүү аяктаса, бизде жылдын аягында 50 миллион доза сыйымдуулугу бар вакцинага талапкери колубузда болот»,дегенин маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Түркали-2 кудугунда Фатих 3 миң 950 метрге жетти» аттуу кабарында «Фатих» бургулоочу кемесинин Сакария газ кениндеги экинчи тереңдикти аныктоочу кудугу болгон «Түркали-2де» жеткен акыркы тереңдиги 3 миң 950 метр болгону жана ишин ийгиликтүү аяктаганы маалымдалганын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «THYден жүргүнчүлөрүнө акысыз кызмат көрсөтүү» аттуу маалыматында Түрк аба жолдору (THY) жүргүнчүлөр "PressReader" тиркемеси менен ар кайсы өлкөлөрдө басылып чыккан ар кандай гезит-журналдарга акысыз кире алаарын жарыялаганын жазган. Жүргүнчүлөр тиркеменин бардык мазмунун, учуудан 24 саат мурун жана сапар аяктагандан кийин 24 саатка чейин акысыз ала алышат.



Тектеш кабарлар