Түрк басма сөзү 11.03.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1599190
Түрк басма сөзү 11.03.2021

«Хабер түрк» гезити «Аккуюда 3-блоктун пайдубалы түптөлдү» аттуу маалыматында кечээ Аккую атомдук электр станциясындагы 3-реактордун пайдубалын түптөө аземинде сөз сүйлөгөн президент Режеп Таййип Эрдогандын, «Атомдук энергияны улуттук энергетикалык инфраструктурабызга кошуу чечими, биздин энергия менен камсыздоо коопсуздугу үчүн таштаган стратегиялык кадамыбыз болуп саналат»,дегенин баяндаган. Эрдоган, Түркиянын өзөктүк жаатта дөө-шаалар лигасына кирген ири өлкө болоорун айтты.

«Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглу: Бул Борбор Азияда ачылган биринчи Маариф фондунун мектеби болот» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ расмий сапар менен барган Кыргызстанда Маариф Фондунун бул өлкөдө мектептерди ача турганын жана төрт тилде билим бере тургандыгын билдиргенин жазган. Чавушоглу: «Маариф фондунун мектеби Борбор Азияда ачылган биринчи билим берүү мектеби болот. Бул биздин Кыргызстанга кандай маани берип жаткандыгыбыздын көрсөткүчү»,-деди.

«Ватан» гезити «Министр Акар албан кесиптеши менен жолугушту» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын кечээ борбор шаар Анкарада Албаниянын коргоо министри Нико Пелеши менен жолугушканын баяндаган. Жолугушууда эки тараптуу жана регионалдык коопсуздук менен коргонуу маселелери жана коргонуу өнөр жайында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашылды.

«Сабах» гезити «Түркия менен Грециянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы датасы жарыяланды» деген кабарында Тышкы иштер министрлигинин Греция менен Түркиянын ортосунда өткөрүлгөн иликтөөчү жолугушуунун кийинки айлампасы 2021-жылдын 16-17-март күндөрүндө Афинада боло тургандыгын жарыялаганын баяндаган.

«Стар» гезити «Түркиянын аскердик зооттолгон унаасы Эждер Ялчын 4x4 удаама-удаа ийгиликтерге жетишүүдө» деген маалыматында Түркиянын коргонуу өнөр жайында иштелип чыккан тактикалык дөңгөлөктүү зооттолгон Эждер Ялчын 4x4 унаасы экспортто жетишкен ийгилигине жаңы ийгиликтерди кошконун маалымдаган. НАТО жана Бириккен Улуттар Уюмунун миссияларында колдонулган жалгыз түрк унаасы болуу ийгилигине жетишкен түркиялык брондолгон Эждер Ялчын 4x4, эми дүйнөлүк брендге айланды.



Тектеш кабарлар