Түрк басма сөзү 2.03.  2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1593256
Түрк басма сөзү 2.03.  2021

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдоган : көзөмөлдөө менен калыбына келүү башталды» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын кабинет жыйынынан кийин коронавируска карата чаралар тууралуу маалымат бергендигин жазган. Эрдоган 81 провинцияны  бейтап санына карата 4 топко бөлүшкөндөрүн, аз жана орточо рисктүү провинцияларда  жуманын акырындагы чектөөлөрдүн жоюларын, жогорку жана эң жогорку рисктүү провинцияларда болсо жекшемби күндөрү улантыларын билдирди.

«Сабах» гезити «Элвандан өсүү тууралуу баа берүү : сейрек өлкөлөрдүн катарына кирдик» деген маалыматында Түркия экономикасында 2020 -  жылы 4, 8 пайыз, андан мурунку жылдын акыркы чейрегинде 5, 9 пайыздык өсүү болгондугун белгилеген. Казына жана каржы министри Лүтфи Элван  өсүү маалыматтары тууралуу берген билдирүүсүндө : «Глобалдык саламаттык сактоо кризиси тамгасын баскан 2020 -  жылды өсүү менен жапкан сейрек өлкөлөрдүн катарына кирдик»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркияда өндүрүлгөн эң кенен электрдүү паром Норвегияда тесттен ийгиликтүү өттү» деген макаласында Норвегиянын Анкарадагы элчиси Эрлинг Скжонсберг : «Түркияда өндүрүлгөн дүйнөнүн эң кенен электрдүү парому NB42 Норвегия сууларында тесттен ийгиликтүү өттү»,- деп билдиргенин кабарлаган. Эрлинг Скжонсберг маалыматында паромдун фотографиясына да орун берди.

«Стар» гезити «Француз продукцияларына каршы бойкот кампаниясы таасирдүү болду. Түркияга ыракмат айтышты» деген кабарында Дүйнөлүк мусулман аалымдар биримдигинин мүчөсү Шейх Сагир француз өкмөтүнө каршы бойкот кампаниясынын   таасирдүү болгондугун баса белгилеп, Түркия менен Пакистандан келген жооптор үчүн эки өлкөнүн башкарууларына ыракмат айтты.

«Ватан» гезити «Салда көлү үчүн ЮНЕСКОго дүйнөлүк табигый мурас кайрылуусу» деген жазуусунда Бурдурдун Йешилова  районундагы Салда көлүнүн дүйнөлүк табигый мурас болушу үчүн ЮНЕСКОго кайрылуу жасалгандыгын маалымдаган. Салда көлүн коргоо коому тарабынан жасалган кайрылууда Салданы коргоого алуу керектигине басым жасалып, көлдүн экологиялык жана илимий жактан маанилүү экендиги билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар