Түрк басма сөзү 11.02.2021
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

«Хүррийет» гезити «Эрдогандын Мицотакиске муштумдай жообу» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакиске партиясынын парламенттик фракциясынын жыйынында катуу сын айтканын жазган. Эрдоган: «Эгер тынчтык изделип жатса сиз да мага каршы чыгуунун ордуна адегенде өз чегиңизди билиңиз. Сиз кээ бир тоолорго ишенип жатасыз, сиз ишенип жаткан тоолорго кар жаады, алардын бири дагы сизге пайда алып келбейт. Ал эми биз өзүбүздүн киндигибизди өзүбүз кескенбиз, ошондуктан түрктөрдүн мыктылыгын жакшы билиңиз»,-деп айтты.
«Ватан» гезити «Вице-президент Октай: Эч ким бизден ТКТРны жалгыз калтырабыз деп күтпөсүн» аттуу маалыматында иш сапарынын алкагында кечээ Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) барган президенттин орун басары Фуат Октайдын, «Биз Кипр боюнча чечим эркин жактайбыз, адилетсиздикке каршыбыз.Түрк тарап адилеттүү, туруктуу чечүүчү жолду жактайт»,дегенин баяндаган.
«Сабах» гезити «Министр Варанктын Космостук программасын билдирүүсү: Биздин биринчи миссиябыз - Ай менен байланыш түзүү ...» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Түркиянын улуттук космостук аракетине токтолгонун маалымдаган. Варанк: «Бизди эң көп Ай миссиясы толкундандырууда. Биринчи миссиябыз - Ай менен байланыш түзүү. Экинчи миссиябыз - Айдын бетине жумшак конуу»,-деди.
«Стар» гезити «Россиянын Түркия тууралуу билдирүүсү: Кызматташууга даярбыз, сунуштарды күтөбүз» деген маалыматында Россиянын Федералдык Космос Агенттиги (Роскосмос) билдирүүсүндө, Түркия менен Россиянын ортосунда космостук кызматташтык үчүн иштер жүргүзүлүп жатканы маалымдалганын жазган. Маалымдоодо орус тараптын Түркиядан бул темада конкреттүү сунуштарды күтүп жаткандыгы белгиленген.
«Хабер түрк» гезити «Turkish Cargo 2020-жылы дүйнөдөгү эң маанилүү аба жүк ташуучу 5 компаниянын катарына кирди» деген кабарында Түрк аба жолдорунун (THY) башкаруу кеңешинин жана аткаруу комитетинин төрагасы Илкер Айжынын Түркиш каргонун жаңы типтеги коронавирус (Сovid-19) эпидемиясы учурунда жүк ташуу жаатында чоң ийгиликтерге жетишкенин белгилеп, «Биз 50 жүргүнчү учагын жүк ташуучу учагына айландырдык. Ошентип, биздин жүк сыйымдуулугубуз жогорулады. Биз дүйнөдөгү эң маанилүү 5 жүк ташуучу компаниялардын катарына кирдик»,- деп айтканын баяндаган.