Түрк басма сөзү 4.01. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1556799
Түрк басма сөзү 4.01. 2021

«Стар» гезити «Эрдоган 2021 -  жылдын баянын жазат» деген макаласында Британиянын сыйлуу гезиттеринен The Guardian Президент Р. Т. Эрдоганды дүйнөдө 2021 – жылдын «баянын» белгилей турган 12 лидердин бири катары тандаганын жазган. Ливия жана Кавказияга атайын басым жасалган анализде : «Түркия; Ливия, Балкандар жана Кавказияда дагы активдүү болот»,- деп билдирилген.

«Ватан» гезити «Министр Сойлу: 2020 -  жылы террордук уюмга 52 гана киши кошулду» деген кабарында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун 2020 -  жылы террордук уюм ПККга кошулуунун уюм кол салууларын баштаган 1984 -  жылдагыдан да аз болгондугун айтканын жарыялады.

«Сабах» гезити «Дүйнө Der Spiegelдин Угур Шахин  -  Өзлем Түрежи чыккан мукбасынан сөз кылууда» деген маалыматында Германиянын негизги медиа курулуштарынан Der Spiegel журналы жылдын биринчи санында Ковид  - 19га  каршы вакцинаны тапкан  BionTechтин куруучусу Угур Шахин жана жубайы Өзлем Түрежини мукабасына алып  чыкканын жазган. Дүйнө сөз кылган мукабага түрк тышкы иштер министрлиги да кайдыгер калган жок. Мукаба тууралуу англис тилинде маалымат берген министрлик : «Бул кыйын мезгилдерде түрк окумуштуусунун абдан чоң жоопкерчиликти моюнга алышынан жана бардык адамзаттык үчүн маанилүү бир роль ойношунан улам сыймыктанабыз»,- деп билдирди.

«Хүррийет» гезити «Түрк аба жолдору эпидемияга карабастан жүк ташууда жогорулады» деген кабарында  түрк аба жолдорунун башкаруу кеңеши жана аткаруу комитетинин төрагасы Илкер Айжы жаңы тип коронавирус эпидемиясына карабастан эл аралык жүк ташууда  базар үлүшүн чоңойткандугун белгилеп : «2020 -  жылдын башында жүк ташуу учактары менен 88 жерге кызмат кылып жатканбыз, азыр болсо 96 жерге кызмат кылуудабыз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын эң чоң аскердик кемеси АСЕЛСАН менен» деген маалыматында АСЕЛСАН тарабынан ТЖГ Анадолу үчүн чыгарылган ПИРИ инфракызыл изилдөө жана көзөмөлдөө системасынын заводдук кабыл алуу сыноосу аяктаганын белгилеген. Дүйнөдө эки диапозондуу болуп иштеген алгачкы инфракызыл изилдөө жана көзөмөлдөө системасы болгон ПИРИ – КАТС, ТЖГ Анадолунун порт жана круиздик чөйрөдөгү коркунучтарды аныктоодо эң негизги системаларынын бири болот.

 

 



Тектеш кабарлар