Түрк басма сөзү  25.12.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1551815
Түрк басма сөзү  25.12.2020

«Ватан» гезити «Түркиянын арткан күч жана жөндөмдүүлүктөрү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түркиянын жаңы тип коронавирус эпидемиясы мезгилинде  таасирдүү саясат жүргүзгөндүгүн белгилегенин жазган. Чавушоглу : «Сирия, Ливия, Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Кипр жана Жогорку Карабах сыяктуу турмуштук досьелерде пандемияга карабастан инциативди колго алдык»,- деди. Чавушоглу Түркиянын дүйнөлүк машстабдагы эң кенен 5 -  дипломатиялык желеге ээ экендигин жана адамзаттык өнүгүү жардамдарында да жол башчы өлкө экендигин айтты.

«Стар» гезити «Анкарадан Багдатка кабар : эмне керек болсо аткаргыла, болбосо биз аткарабыз» деген макаласында Түркия ПКК жикчил террордук уюмдун Ирактын Синжар аймагынан чыгаруу процессин кылдаттык менен иликтегенедигин белгилеген. Ирактын премьер  - министри Мустафа ел  - Казыминин Анкара сапары тууралуу сереп салган отставкадагы генерал Фахри Эренелдин : «Менин оюмча абдан маанилүү сапар эле. Менин оюм Анкаранын : «Эмне керек болсо аткаргыла болбосо биз аткарабыз» деген багытта»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Вакциналар жекшемби күнү кечинде жолго чыгат» деген маалыматында коронавирус боюна Илимий Кеңешинин вакцина жана мутация күн тартиби менен кечээ саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын жетекчилигинде чогулгандыгын маалымдаган. «Кытай вакцинасынын түрк инсанында таасрдүү болоруна ишенебиз. Кытай вакцинасы түрк инсанында 91, 25 пайыз таасирдүү болду» ,- деген министр Кожа Кытайдан келе турган вакциналардын жекшембиден дүйшөмбүгө өткөн түнү жолго чыгарын билдирди.

«Хүррийет» гезити «BionTech вакцинасынын келишимдик деталдары белгилүү болду» деген кабарында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын түрк окумуштуулары Угур Шахин жана Өзлем Түрежи башкарган BionTech фирмасы менен Америка дары фирмасы Пфизер чыгарган вакцинанын Түркияга келерин жарыялады. Министр Кожа  март айынын акырына чейин 4,5 миллион доза вакцинанын Түркияга келиши үчүн келишимге бүгүн же эртең кол коюларын билдирди.

«Йени шафак» гезити «Миллиард  долларлык алтын резерви» деген маалыматында Билежиктин Сөгүт районунда акчалай наркы 46 миллиард лира болгон 3,5 миллион унцийлик  алтын резерви табылганын жазган. Алтындын чыгарылышы үчүн иштер ылдамдатылып, шахта аянтында 1000 кишинин жумуш менен камсыздалары белгиленди.



Тектеш кабарлар