Түрк басма сөзү 22.12.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1549604
Түрк басма сөзү 22.12.2020

«Хүррийет» гезити «Министр Сойлу: Алардын адамгерчиликсиз мамилеси эми адам өлтүрүүгө айланууда» аттуу маалыматында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун өзүнүн социалдык медиа аккаунтуна Твиттерде жарыялаган билдирүүсүндө, Грециянын качкындарга жасаган кыйноолоруна жана адамкерчиликсиз мамилесине катуу каршылык көрсөткөнүн жазган. Европа Биримдигинин (ЕБ) Ички иштер комиссары Ильва Йоханссон деген белгини коюп, видеону бөлүшкөн министр Сойлу: «Frontex көрмөксөнгө салган бул киши өлтүрүүлөр үчүн Грециядан жооп суралбайбы?»-деди.

«Йени шафак» гезити «Каттам токтотулган төрт өлкө боюнча THYден билдирүү жасалды» аттуу маалыматында коронавирустун жаңы түрү мутация болгондон кийин Англия, Дания, Нидерландия жана Түштүк Африка Республикаларына учуу убактылуу токтотулгандыгын маалымдаган. Түрк аба жолдорунун (THY) башкы директору Билал Экши өзүнүн Твиттердеги баракчасында каттамдар токтоп турган төрт өлкөгө бара турган жүргүнчүлөрдөн билет транзакцияларына шашылбоосун суранып, эч кандай жүргүнчү жабыркабай тургандыгын билдирди.

«Сабах» гезити «Эгейден жашылча-жемиш экспорту рекорд жаңылап, 1 миллиард доллардан ашты»деген маалыматында Эгейдин жашылча-жемиш экспорттоочулар биримдигинин төрагасы Хайреттин Учактын биримдиктин 54 жылдык тарыхында 1-январдан бери экспорту менен биринчи жолу 1 миллиард доллар чегинен ашканын билдиргенин баяндаган.

«Стар» гезити «Дүйнөдө биринчи, ASELSAN өнүктүрүп жатат» аттуу маалыматында Аскердик электроника өнөр жайы (ASELSAN) коронавирустун жаңы түрлөрүн табууда колдонула турган инновациялык вирус аныктоо тутумун иштеп чыгып жатканын маалымдаган. ASELSAN инженери Дидем Лале Өзкан: «Биз SARS Cov2 спецификасын гана эмес, ошондой эле ооруканаларда инвентарга айлана турган туруктуу шаймандарды да иштеп чыктык деп айта алам»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Ханде Эрчел дүйнөдөгү эң сулуу айым болуп тандалды» деген кабарында Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) негизделген Top Beauty World сайты 2020-жылдын эң сулуу жүздөрү менен 100 ысымды жарыялаганын маалымдаган. Добуш берүүдө белгилүү актриса Ханде Эрчел «дүйнөдөгү эң сулуу аял» болуп тандалды. Тизмеге дагы 5 түрк кошулду. Неслихан Атагүл 89-орунду, Элчин Сангу 83-орунду, Демет Өздемир 75-орунду, Фахрийе Эвчен 45-орунду, Туба Бүйүкүстүн 29-орунду ээледи.



Тектеш кабарлар