Түрк басма сөзү 03.12.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1538782
Түрк басма сөзү 03.12.2020

«Йени шафак»гезити «Чавушоглу НАТОнун жыйынында Түркияны күнөөлөгөн Помпеого катаал жообу» аттуу маалыматында Дональд Трамп өкмөтүнүн атынан катышкан НАТОнун акыркы жолугушуусунда Түркияны бутага алган АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпеого тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун жообу катуу болгонун жазган. Министр Чавушоглу АКШнын мамкатчысынын сөздөрүнө жооп кылып, Сириядагы террордук уюмдарды колдогон АКШнын Европадагы мамлекеттерди дагы Түркияга каршы бир фронтто чогултканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Акардын Тоолуу Карабах тууралуу орчундуу билдирүүсү» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Тоолуу Карабахта кызмат кыла турган түрк аскерлери жөнүндө билдирүү жасаганын маалымдаган. Министр Акар: «Азыр Түрк-Россия биргелешкен борборунун курулушу жүрүп жатат. Биздин досторубуз ал жерде өтө кыска убакыттын ичинде иштешет. Түркиялык жана орусиялык генералдар иштешет, түркиялык жана орусиялык офицерлер биргеликте ок атышпоого көз салып, аны туруктуу абалга келтиришет»,- деди.

«Сабах» гезити «TRT World Forum-2020 күн тартибин түзгөн билдирүүлөр менен аяктады» аттуу кабарында Дүйнөгө чоң таасирин тийгизген жана «Пандемиядан кийинки дүйнөдөгү эл аралык тартип жана өзгөрүү динамикасы» деген аталышта уюштурулган TRT World Forum-2020 аяктаганын маалымдаган. Учурдагы көйгөйлөр талкууланган форумга быйыл көптөгөн өлкөлөрдөн көптөгөн эл аралык таанымал ысымдар катышып, өткөрүлдү. Форумда ар кандай темалардагы отурумдар өткөрүлүп, анда пандемиядан тышкары дүйнөлүк күн тартибине байланыштуу башка маселелер да талкууланды.

«Стар» гезити «Эгейде өндүрүлгөн бүткүл дүйнө жүзүнө жөнөтүлүп жаткан таттуу» аттуу кабарында Айыл чарба продукциясын экспорттоодо маанилүү орунду ээлеген кургатылган мөмө-жемиштер 60тан ашуун өлкөгө сатылып жатканын маалымдаган. Жаңы сезон башталган акыркы мезгилде, мейиздин, өрүктүн жана анжирдин экспорттолушунан 343 миллион 282 миң долларды түзгөн валюталык киреше каралган. Өндүрүшү жана экспорту көбүнчө Эгей аймагынан жасалган кургатылган анжирлердин экспорттук сезону 30-сентябрда башталды.

«Хабертүрк»гезити «Автоунаанын сатылышы ноябрь айында 34,6 пайызга өстү» деген кабарында ноябрь айында унаа сатуу өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 34,6 пайызга көбөйүп, 64 миң 357 даанага жетсе, жеңил соода унаалары рыногу 52,2 пайызга өсүп, 15 миң 784 даанага жеткенин маалымдаган. Жалпы базар 2020-жылдын январь-ноябрь мезгилинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 72 пайызга өсүп, анда 668 миң 495 даанага жектени маалымдалды.



Тектеш кабарлар