Түрк басма сөзү 02.12.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1538185
Түрк басма сөзү 02.12.2020

«Хабер түрк» гезити  «Президент Эрдоган: Текшерүүсүз санариптешүү фашизмге алып барат» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын 4- TRT World Forum-2020дагы сөзүндө: "Көзөмөл жок, өзүм билемдикке ачык болгон жана мыйзамдын чегинен тышкары талаа катары кабылданганда, санариптештирүү бизди алып бара турган жер - фашизм. Ошондуктан санаиптешүү, эркиндиктин аянтчасын кеңейтип жатканда жаңы адилетсиздиктерге, мыйзамсыздыктарга, обочолонтууларга алып келбеши керек»,-деп айтканын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Министр Кожа эмдөө датасын берди» деген кабарында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын: «Вакцинацияны декабрь айында интенсивдүү баштоону каалайбыз. Декабрь айында 20 миллион вакцина алган болобуз. Эгерде баары өз нугуна түшсө, анда 11-декабрдан тарта саламаттыкты сактоо кызматкерлерине вакцинаны эмдей баштайбыз»,- деп айтканын берген.

«Хүррийет» гезити «Алтун: Биз ЕБ менен тыгыз мамиле түзүүнү каалайбыз жана аракет кылабыз» деген кабарында Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун TRT World Forum-2020да сүйлөгөн сөзүндө: «Биз Европа Биримдиги (ЕБ) менен тыгыз мамиле түзүп, ага умтулгубуз келет. Биздин Европадагы биргелешкен тилектештигибиз жана кызматташтыгыбыз, Европадагы жек көрүү жана кодулоо чакырыктарына каршы туруунун ачкычы болуп саналат» дегенин баяндаган.

«Сабах» гезити «Министр Пакдемирли: Биздин суу өнүмдөрүн өндүрүшүбүз 511 пайызга өстү» аттуу кабарында айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирлинин 2003-жылдан бери суу чарба тармагын жалпы 1 миллиард 350 миллион лира менен колдошкондорун белгилеп: «Бул колдоо менен суу чарба объектилеринин саны 70 пайызга көбөйүп, 2 миң 127, өндүрүш көлөмү 511 пайызга көбөйүп, 373 миң тоннага жетти»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Жергиликтүү жана чет элдик туристтердин кар астында лыжа тебүү кызыкчылыгы» аттуу маалыматында Эрзурумдагы жергиликтүү жана чет элдик туристтер Паландөкен лыжа борборунда кардын астында лыжа тебүүнү жактырышты, анын жасалма кар системасы менен издери даяр болгонун маалымдаган. Лыжа тебүү борборундагы айрым үй-бүлөлөр балдары менен кардан киши жасап, кар тоголоктоп ойноо менен көңүл ачышты.



Тектеш кабарлар