Түрк басма сөзү 01.12.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1537395
Түрк басма сөзү 01.12.2020

«Стар» гезити «Президент Эрдоган жаңы Ковид-19 чектөөлөрүн жарыялады» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын коронавирустун жаңы түрүнө (Kovid-19) карата чаралардын алкагында кабыл алынган чечимдерди жарыялаганын жазган. Буга ылайык, Буга караганда, иш күндөрү (Түркия убактысы боюнча) саат 21: 00дөн 5: 00гө чейин, дем алыш күндөрү (жума 21: 00дөн дүйшөмбү 05: 00гө чейин), көчөгө чыгууга тыюу салынат.

 «Сабах» гезити «Эрдоган; эмдөөнү эмки айда баштайбыз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын вакцина боюнча дүйнөдөгү өнүгүүлөрдү жакындан байкап жатышкандарын айтканын баяндаган. «Биринчи кезекте биз 50 миллион дозалык келишим түздүк. Биздин жарандар вакцинага эч кандай акы төлөбөй эмделе алышат»,-деп айткан Эрдоган, саламаттык сактоо кызматкерлерин эмдөө эмки айда баштала тургандыгын жарыялады.

«Хүррийет» гезити «Греция башка дарбазалардан чечимдерди издеп туура эмес кылып жатат» деген маалыматында Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Грециянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги сүйлөшүүлөрдөн өжөрдөнүп баш тартканын жана башка дарбазалардан чечимдерди издеп ката кетиргенин билдиргенин баяндаган. Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чыңалууну күчөткөн тарап Греция экендигин белгилеген Акар, Түркия чечүүчү жол үчүн эмне кылуу керек болсо, ошону кылууга аракет кылганын айтты.

«Йени шафак» гезити «Азербайжан армиясы 28 жылдан бери басып алуу астында турган Лачинге кирди» аттуу маалыматында  Азербайжан армиясы 28 жыл армян баскынчылыгында болгон Лачин провинциясына киргенин маалымдаган. Лачин шаары, Армениянын чек арасында жайгашкан, Тоолуу Карабах менен Армениянын ортосундагы жалгыз жол болгон жана «Лачин коридору» деп аталган жолдун стратегиялык маанисине байланыштуу 1990-жылдардагы согушта армян күчтөрүнүн биринчи буталарынын бири болгон жана 1992-жылы 18-майда оккупацияланган.

«Хабер түрк»гезити «Түркия эң ылдам өскөн өлкө болду» деген кабарында Түркиянын 3-чейректеги өсүш көрсөткүчтөрүн жарыялаган  51-өлкө болгонун түшүндүргөн маалматта, дүйнөнүн эң тез өскөн өлкөсү болгонун белгилеген. Азырынча Кытай, Тайвань жана Вьетнамдан тышкары Түркия гана позитивдүү өсүштү жарыялады. Үчүнчү чейректе Кытай 4,9 пайызга, Тайвань 3,92 пайызга жана Вьетнам 2,62 пайызга өскөн.

 



Тектеш кабарлар