Түрк басма сөзү  20.11.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1531117
Түрк басма сөзү  20.11.2020

«Сабах» гезити «Эрдогандан билдирүү : Түркияны жаңы бир өсүү жолуна киргизүүдөбүз» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ Стамбулда Вахдеттин сарайында Түркия экспортчулар ассамблеясынын делегациясын кабыл алууда сөз сүйлөп : «Экономикалык жана саясий тең салмактуулуктарда чоң өзгөрүү болууда. Демократиябызды күчтөндүрүп инвестицияларды жандандырабыз. Түркияны жаңы бир жогорулоо жолуна киргизүүдөбүз. Муну да өлкөбүздөгү бардык бөлүктөр жана эң башта иш дүйнөсү менен жакын диалог, кызматташуу жана шайкештик ичинде ишке ашырабыз»,- дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Тышкы иштер министрлигинен Помпеого катуу каршылык» деген кабарында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Израиль басып алган Палестина жерлерине жасаган чыр  - чатактуу деп мүнөздөлгөн сапарына тышкы иштер министрлигинин катуу карлышык көтсөткөндүгүн белгилеген. Министрлик билдирүүсүндө : «Помпеонун Батыш Шериа сапарынын артында Израиль басып алган Палестина жерлериндеги мыйзам тышы кыймылдарын мыйзамдаштыруу жатат»,- деген сөздөр орун алды.

«Ватан» гезити «Түркиядан Ливия тууралуу билдирүү» деген маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Ливияда тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүшү үчүн Хафтерге берилген бардык тышкы жардамдардын эртерээк токтотулушу шарт экендигин айтканын жазган. Акар : «Хафтер күчтөрү жана чет элдик жалданма аскерлер коопсуздук, ырааттуулук жана дипломатиялык аракеттер үчүн чоң коркунучту түзүүдө. Баарыбыз кабыл алгандай эле бул маселени аскердик жол менен чечүү мүмкүн эмес»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Профессор Угур Шахинден жаңы билдирүү» деген маалыматында немис биотехнология фирмасы BioNTechтин Amerikan Pfizer менен бирдикте чыгарган жаңы тип коронавируска каршы 95 пайыз ийгиликтүү болгон вакцинанын качан таркатылышына карата берилген суроосуна BioNTechтин куруучу өнөктөшү профессор доктор Угур Шахин жооп берди. Профессор Угур Шахин : «Баары жолунда кете турган болсо декабрь айынын экинчи жарымында бекитилип, Рождествого чейин  тарката баштайбыз. Бирок бул бир гана бардык нерсенин жолунда болушуна байланыштуу болушу мүмкүн»,- деди.

«Стар» гезити «Кытайлык технология дөө  - шаасынан Түркия кыймылы : «Инвестиция салабыз» деген кабарында кытайлык технология фирмасы Түркияда узун мөөнөттүү инвестицияларга даярданып жаткандыгын белгилеген. H3Cнин төрага орун басары  Гари Хуанг : «Биз Түркия менен узун мөөнөттүү инвестицияларды пландап, санариптик трансформацияга чогуу жетишүүнү көздөп жатабыз» ,- деди.



Тектеш кабарлар