Түрк басма сөзү 17.11.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1528946
Түрк басма сөзү 17.11.2020

«Стар» гезити «Чавушоглунун телефон дипломатиясы, темасы: Карабах» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Тоолуу Карабах маселеси талкууланды.

«Ватан» гезити «Министр Пекжан: Ар кандай базарлар үчүн аракетибизди улантабыз» деген маалыматында соода министри Рухсар Пекжан кечээ «Индонезиянын Виртуалдык Жалпы Соода Делегациясы» программасына видео конференция менен катышып: «Биз ар дайым жана бардык шарттарда дүйнөнүн бардык базарларында болууга татыктуубуз. Өндүрүшүбүзгө, экспорттук потенциалыбызга жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүбүзгө ишенебиз»,деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Жеңил унаа экспорттоодо өлкөлөрдүн саны көбөйдү» деген кабарында Түркиянын жеңил унаа экспорту январь-октябрь айларында 7 миллиард 482 миллион 626 миң долларды түзүп, сатуусу 100 миллион доллардан ашкан өлкөлөрдүн саны 16га жеткенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Фатих менен Кануни Кара деңиздин аймагында жаңылык жаратышат» деген маалыматында «Фатих» бургулоо кемесинин Түркиянын деңиздеги алгачкы баалоо кудугу Түркали-1де иштөөсүн аяктагандан кийин, «Кануни» бул кудуктун бургулоо иштерин бүтүрүү үчүн иштей турганын маалымдаган. «Кануни» кемечилик бургулоо платформасы жана техникалык тейлөөлөрү Түркия Мунай заттар акционердик өнөктөштүгү тарабынан  жүргүзүлгөн биринчи Түркиянын кемеси катары Кара деңиздеги бургулоо иштеринде өз милдетин аткарат. «Кануни» ошондой эле толугу менен улуттук сертификатка ээ болгон биринчи бургулоочу кеме болот.

«Хабер түрк» гезити « Гладиаторлор шаарына туристтик агым» деген кабарында Мугланын Ятаган районундагы «Гладиаторлор шаары» деп да аталган Стратоникейа байыркы шаарына Ковид-19 эпидемиясынан кийин башталган жана «жаңы нормалдуу» деп аталган мезгилден ушул убакка дейре, айрыкча Англия, Россия, Польша жана Германиядан келген 40 миң турист кыдырганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар