Түрк басма сөзү 28.10.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1517157
Түрк басма сөзү 28.10.2020

«Акшам» гезити «Путин менен Карабах тууралуу сүйлөшүү» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Россиянын Президенти В. Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Эки лидер Сирия, Ливия жана Тоолуу Карабахтагы абалдарды карап чыгышты.

«Таквим» гезити «Француз  продукцияларын бойкот кылуу үчүн код текшерилет» деген маалыматында Президент Эрдогандын исламга каршы чыккан Франциянын продукцияларына бойкот кылууга чакырганын маалымдаган. Жарандар Эрдогандын чакыруусуна колдоо көрсөтүштү. Эксперттер штрих - код номери 30дан 37ге чейинки товарлардын Францияныкы экендигин  жарыялашты.

«Миллийет» гезити «Дүйнө Түндүк Кипр Түрк Республикасын кабыл алышы керек» деген макаласында президент болуп шайлангандан кийинки алгачкы өлкө тышы сапарын Түркияга жасаган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын дүйнөнүн Түндүк Кипр Түрк Республикасы чындыгын кабыл алышы керектигин айтканын белгилеген. Татар : «Түркия эки тең укуктуу мамлекет тууралуу сүйлөшүлү деп жатат. Мен үчүн да орундуу бир чечим. Жаңы процессте румдарга жер берилбеши керек»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Албайрактан үч орчундуу билдирүү» деген кабарында казына жана финансы министри Берат Албайрактын араларында Амазон жана Apple сыяктуу чоң фирмалар  да болгон дүйнө фирмаларына Түркия тууралуу сөз кылгандыгын кабарлаган. Түркия экономикасы бир бурулуш жеринде. Жаңы бир капитал инвестиция толкуну белгилүү боло баштады. Бир топ көп улуттуу фирма продукцияларын Түркия орун алган аймакка багыттай баштады.

«Сабах» гезити «97 – жылда көркөмдүү майрам» деген маалыматында Республика майрамынын 97 -  жылына карата өткөрүлө турган иш чаранын негизинде Президент Р. Т. Эрдогандын Аныткабирди зыярат кыларын, комплексте куттуктоолорду кабыл алып, Улуттук Боштондук согушу тууралуу көргөзмөнү ачарын жазган.



Тектеш кабарлар