Түрк басма сөзү  26.10.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1515975
Түрк басма сөзү  26.10.2020

«Стар» гезити «Эрдоган Ф  - 35  жана С – 400дөр тууралуу так мамилесин көрсөттү: АКШ ким менен ойноп жатканын байкабай жатат» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ партиясынын Малатиядагы  7 -  кезектеги облустук конгрессинде соцтармакта өзү тууралуу маалымат берген нидерландиялык ашкере оңчул Гирт Вилдерске : «Чегиңизди билиңиз.  Ким менен жүргөнүңүздү эсептедиңизби? Биздин китебибизде фашизм жок. Фашизм сиздердин китебиңиздерде. Биздин китепте социалдык адилеттик бар»,- деген сөздөр менен каршылык көрсөткөнүн жазган. Эрдоган АКШдан келген Ф  - 35  жана С  - 400 билдирүүлөрүнө каршылык көрсөтүп : «Ф  - 35 үчүн кадам таштадык, бизди коркуттуңар. С  - 400дөрдү Россияга кайра кайтаргыла дедиңер. Биз  уруу мамлекети эмеспиз. Биз Түркияга санкция салабыз дешет. Санкцияң эмне болсо кеч калба. АКШ ким менен ойноп жатканын байкабай жатат»,- деди.

«Сабах» гезити «Чавушоглу : эми токтот деп айтуунун учуру келди» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Нидерландияда ашкере оңчул Эркиндик партиясынын лидери Гирт Вилдерске катуу каршылык көрсөтүп : «Чындыктарды бетине айтканда Европанын кара ниет расисттери кайрадан өздөрүн көрсөтө башташты. Ислам жана чет элдик душмандыгын колдонууга аракет кылышууда. Европанын фашисттик аң  - сезимдеги саясатчыларын эми токтот деп айтуунун учуру келди»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Европадагы айтылган сөздөргө коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун каршылык көрсөттү» деген макаласында коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун : «Европанын мусулмандарга карата душмандыгы жана аларды жайылтуу аракеттери ислам, Түркия жана Р. Т. Эрдоган душмандыгынан  ажырагыс нерсе»,- деди. Алтун твиттерден берген маалыматында : «Европалыктар түшүнүшү керек болгон бир жагдай бар. Биз мусулмандар, силер бизди каалабайсыңар деп эч бир жерге барбайбыз. Өзүбүздү жана бизге таандык болгон бардык нерсени акырына чейин коргойбуз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Хулуси Акар Пакистандан Арменияга кайрылды» деген кабарында Түркия тарабынан Пакистанга экспорттолгон МИЛГЕМ корветтеринин үчүнчүсү кечээ улуттук коргоо министри Акар менен Пакистандын коргоо өндүрүш министри Зубаида Жалал Хан катышкан азем менен тапшырылды. Министр Акар аземде сүйлөгөн сөзүндө : «Согуш жана адамзаттык кылмыш иштеген Армения кылган кылмыштарынын эсебин Азербайжан армиясынын алдында бергендей эле, тарых жана эл аралык мыйзамдын алдында да берет»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар : күчүбүздү Түркиядан алып жатабыз» деген маалыматында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын кечээ берген маалыматында : «Күчүбүздү Түркиядан алуудабыз. Түркия менен шайкештик ичинде иштөө бизди күчтөндүрүүдө. Өзгөчө да акыркы мезгилде углеводород байлыктарынын ортого чыгышы менен бирге булардын бөлүшүлүшүндө жана бул өлкөнүн келечеги үчүн  маанилүү экендиги аң  - сезими менен дайыма Түркия республикасы менен бирге кыймыл кылабыз»,- деди.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар