Түрк басма сөзү  21.10.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1513033
Түрк басма сөзү  21.10.2020

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган эзилгендердин жанындабыз» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Түркиянын эзилгендердин, жапа чеккендердин, мыйзамдын жана адилеттиктин жанында болуудан баш тартышпай тургандарын айтканын жазган. Балкандардан Кавказдарга, Азиядан Африкага чейинки жерлерде көзүн, жүрөгүн Түркияга багыттагандардын жанында экендерин жана алардын жанында болууну  улантышарын баса белгилеген Эрдоган : «Ливияда бир козголоңчунун өлкөнү бөлүп  - жаруусуна макул болгон жокпуз, болбойбуз. Азербайжандын басып алынган жерлерин бошотуу күрөшүн болгон мүмүкнчүлүктөрүбүз менен колдодук жана колдойбуз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татардан Түркия менен колдошуу кабары» деген макаласында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жаңы президенти Эрсин Татар кызматында Түркия менен кеңешип иш алып барарын  белгилегенин билдирген. Татар : «Кипр түрк калкынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн Түркия менен болгон карым  - катнашыбыз улантылат. Түркиянын кепилдиги улантылат. Түндүк Кипр Түрк Республикасы жашайт. Түндүктө туруктуу мамлекет сөзсүз болот. Мындан кийин элибиздин укук жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн рум тарабы менен бир гана ушул алкакта диалог процесси башталат»,- деди.

«Стар» гезити «Түркия муктаж болгон өлкөлөргө жардам берет» деген маалыматында Түркиянын Сирия жана башка муктаж болгон өлкөлдөргө 110 000 тонна ун жана буурчак жардам берерин белгилеген. Чечим Расмий гезитте жарыяланды. Чечим боюнча муктаж болгон өлкөлөргө 10 000 тоннага жакын жашыл жасмык менен нокот берилет.

«Сабах» гезити «Жергиликтүү автомобилдин батареясы Түркиядан» деген кабарында жергиликтүү автомобилдин өндүрүүчүсү ТОГГдун электрлүү унааларда колдонула турган батарея технологиясы үчүн  келишимге кол койгонун жазган. Түркиянын жергиликтүү автомобиль ТОГГдун батареялары Түркияда өндүрүлөт. Бул тууралуу ТОГГдон : «Дүйнөнүн алдыңкы Ли  -  Ион батарея өндүрүүчүлөрүнөн Фарасис менен түзгөн келишим боюнча батарея модулу жана пакетин Түркияда өндүрөбүз»,- деп билдирилди.

«Хүррийет» гезити «Кытайлыктардын Түркияга болгон кызыгуусу» деген маалыматында Түркиядан эң көп турак жай сатып алган чет элдиктер тизмесинде акыркы жылдарда биринчи 20да болбогон кыйтайлыктар бул жылдын 9 айлык мезгилинде 659 турак жай сатып алып бардык мезгилдин жылдык рекордуна жеткенин белгилеген. Кыйтайлыктар бул сан менен Түркиядан эң көп турак жай сатып алган 12 -  калк болду. Кытайлыктар Түркияда эң көп Стамбулдан турак жай сатып алышты.



Тектеш кабарлар