Түрк басма сөзү 20.10.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1512273
Түрк басма сөзү 20.10.2020

«Хабер түрк» гезити «Түркия Вьетнам жана Камбоджа үчүн көңүл айтты» деген кабарында Түркиянын Вьетнам жана Камбоджада болгон бороондо каза болгондор үчүн бул өлкө калктарына көңүл айтканын белгилеген. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Вьетнам менен Камбоджада Линва жана Нангша бороону жол ачкан сел жана жер көчкүлөрдө көп сандаган киши каза болуп, чоң зыян тартуу болгондугу билдирилди. Каза болгондордун жакындарына жана дос Вьетнам жана Камбоджа калктары менен өкмөттөрүнө көңүл айтабыз. Жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.

«Хүррийет» гезити «Сакария аянтында газ өндүрүү үчүн 40 кудук ачылат» деген маалыматында Түркиянын Кара деңизде оболу 320, андан кийин да 85 миллиард метр куб жаратылыш газ тапкандыгын жазган. Энергетика министри Фатих Дөнмез Сакария газ аянтында табылган жаратылыш газ өндүрүүгө өтүү үчүн 40ка жакын кудуктун ачылышы керектигин айтып, өндүрүштүн 2023 -  жылдын ичинде башталышы үчүн иштеп жатышкандарын белгиледи.

«Ватан» гезити «Түркия 2020 -  жылын эң аз чыгым менен өткөрө турган 3 өлкөнүн бирөөсү» деген макаласында соода министри Рухсар Пекжандын пандемия таасирин тийгизбеген эч бир тармак жана өлкөнүн жок экендигин белгилеп : «Экономикалык өнүгүү жана кызматташуу уюмунун 16 -  октябрдан тарта жарыялаган отчеттунда ; ОЕСД өлкөлөрүнүн арасында 2020 -  жылды Кытай жана Түштүк Кореядан кийин эң аз чыгым менен жаба турган өлкөнүн Түркия экендиги белгиленди»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркиянын колу күчтөнөт» деген кабарында Түндүк Кипр Түрк Республикасында Эрсин Татардын президент болуш шайлануусу менен жаңы бир мезгилдин башталгандыгын белгилеген адистер 46 жылдан бери жабык болгон Мараштын ачылышы менен улуттук кирешенин эки эсеге чыгарын, Кипр түрктөрүнүн румдар тарабынан жок деп саналган укуктарынын сакталарын жана Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук  деңизинде колун күчтөндүрөрүн белгиледи.

«Сабах» гезити «Биржа Стамбулда 8 айдын эң жогорулоосу» деген макаласында Түркиянын жаңы жаратылыш газ запасынын табылышынан кийин кечээ жогорулоону уланткан Биржа Стамбулдун 100 индекси оболу акыркы жолу 27 -  июлдагы 1,200 деңгээлин ашканын билдирген. Жогорулоону уланткан Биржа Стамбул бул жолу 1,209,47 балл менен акыркы 8 айдын эң жогорку деңгээлине жетти.

 



Тектеш кабарлар