Түрк басма сөзү 19.10.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1511628
Түрк басма сөзү 19.10.2020

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдоган маалымат берди» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ партиясынын Шырнак 7 -  кезектеги облустук конгрессинде сөз сүйлөгүнүн жазган. Азербайжан менен Армениянын ортосундагы ок атышпоону Армениянын кайрадан бузушуна каршылык көрсөткөн Эрдоган : «Ок атышпоо жарыяланды бирок армяндар дагы бузду. Бул чындыктардын баары ортодо турса да батыш үн каткан жок. Түркия үн чыгарса жөн отурушпайт дешет. Жөн отурбайбыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркиядан Грецияга жооп» деген макаласында Түркия Грециянын тышкы иштер министрлигинин Эгей жана Жер Ортолук деңизиндеги издөө – куткаруу жоопкерчилик аянтынын кеңейтилиши тууралуу берген маалыматты «негизсиз» деп мүнөздөгөнүн  белгилеген. Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами аксой : «Издөө  - куткаруу аянттары эгемендик эмес, тейлөө аянты. Бул жагынан алганда, Грециянын өзүнүн аймактык суусун камтыбаган жана адам өмүрүн сактап калууга, коргоого багытталган бул аймакты эгемендүүлүгүн бузуу катары эсептеген талабы мыйзамдан жана гуманитардык ойлордон алыс»,- деди.

«Ватан» гезити «Мевлүт Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти болуп шайланган Эрсин Татарды куттуктады» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти болуп шайланган Эрсин Татарды куттуктаганын жазган. Министр Чавушоглу твиттерден берген маалыматында : «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти болуп шайланган Эрсин Татарды чын көңүлдөн куттуктайбыз. Кипр түркүнүн бейкуттугу, өнүгүшү жана коопсуздугу үчүн биргеликте иштейбиз. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги мыйзамдуу укук жана кызыкчылыктарын бирдикте коргойбуз»,- деди.

«Сабах» гезити «Жергиликтүү суу түбүндөгү робот «Кашиф» кызматын баштады» деген кабарында энергетика жана жарытылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин жергиликтүү суу түбүндөгү роботу «Кашифтин» «Фатих» бургулоочу кемесинде ишин баштаганын билдиргенин жазган. Министр Дөнмез твиттерден берген маалыматында : «Жергиликтүү суу түбүндөгү роботубуз «Кашиф» «Фатихте» ишин баштады. Деңиздердеги жаңы колубуз жана көзүбүз болгон Кашиф 3000 метрге чейин деңиз бургулоо  иштерибизде видео маалыматтарын негизги көзөмөлгө өткөрүп, механикалык иштерди аткарат»,- деди.

«Стар» гезити «Немис басма сөзү жергиликтүү автомобилди мактады: Түркия өз «Тесласын» чыгарды» деген маалыматында немис басма сөзүнүн негизги экономикалык гезиттеринен Handelsblattта орун алган кабарда Түркиянын автомобилдеринин демилгелүү тобунун электрдүү автомобиль  экосистемасын түзүү менен өз «Тесласын» чыгарганы баса белгиленип, өлкөнүн улуттук өнүмүнүн катарына киргизилиши керектигин жазганын кабарлаган. Маалыматта Түркия автомобилдеринин демилгелүү топтору тарабынан чыгарыла турган унаанын сатуу баасы конкурнецияга жөндөмдүү болсо, Германиянын автомобиль базары үчүн да ыңгайлуу болору белгиленди.



Тектеш кабарлар