Түрк басма сөзү  16.10.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1510163
Түрк басма сөзү  16.10.2020

«Сабах» гезити «Эрдоган Кайда зулумчулук бар болсо Түркия ал жерде зулумчулук көргөндөрдүн жанында» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын Түркиянын дайыма зулумчулук көргөндөрдүн жанында болгондугун, зулумчулуктун алдында жөн гана карап турбай тургандыгын айтканын белгиледи. «Ливияда зулумчулдук бар. Сирияда 910 километр чек арабызда зулумчулук бар. Сомалиде зулумчулук бар»,- деген Эрдоган : «Азербайжанда армяндардын зулумчулугу бар. Алар биздин боордошторубуз. Тарыхта ата  - бабаларыбыз бизге калтырган жоопкерчилик бар.  Биз ал жерде да милдетибизди аткаруу аракетинде болобуз»,- деди.

«Стар» гезити «Алиев : Түркия  Азербайжанда база курушу мүмкүн» деген маалыматында Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин 40ка жакын шаар жана айыл отурукташуу жерлеринин армян баскынынан куткарылгандыгын айтканын жазган. Түркия болбостон бул аймакта эч бир маселенин чечиле албай турганын айткан Алиев өлкөсү коркунуч астында боло турган болсо Түркиянын ал жерде база курушу мүмкүн экенин айтты.

«Хүррийет» гезити «Пашинян  жеңилүүнү моюнга алды» деген макаласында Тоолуу Карабахта жарыяланган адамзаттык ок атышпоону жокко чыгарып, Генжеде жарандарды өлтүргөн Армения армиясы фронтто оор жоготууга учурап жеңилгендигин премьер  - министр Никол Пашинян жеке өзү кабыл алганын белгилеген. Пашинян армян күчтөрүнүн фронтто оор жоготууга учурагандыгын айтып, бөлүктөрдүн түндүк жана түштүк тарабына чегинүүгө мажбур болгонун моюнга алды.

«Хабер түрк» гезити «Грециянын түрктөр суу түбүндөгү кемелерибизди көрбөйт деген сөздөрү бош чыкты» деген кабарында Грециядагы кээ бир маалымат сайттарында грек суу түбүндөгү кемелеринин түрк куралдуу күчтөрү тарабынан аныктала албагандыгына карата сөздөр орун алды. Көрүнбөс экендиги жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги бардык кыймылдары аныктала албагандыгы белгиленген грек суу түбүндөгү кемелеринин деңиз күчтөрү командирлиги тарабынан изилденгендиги ортого чыкты.

«Йени шафак» гезити «Түркия чоң сүйүнчүнү алды» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын 320 миллиард метр куб жаратылыш газ тууралуу кабарды бергенден кийин Фатих бургулоочу кемеси Кара деңизде астыңкы катмарларда жаңы резервдерди тапканын маалымдаган. Эрдогандын эртең кудукта бар экендиги аныкталган 80 миллиард метр кубдук кошумча газ резервин билдириши күтүлүүдө.

 

 

 



Тектеш кабарлар