Түрк басма сөзү 14.10.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1508668
Түрк басма сөзү 14.10.2020

«Ватан» гезити  «Министр Чавушоглунун каршы чыгуусу катуу болду! Силер кимсиңер...» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун биргелешкен пресс  - жыйын өткөргөн Швециянын тышкы иштер министри Анна Линденин : «Түркияны  Сириядан чыгышы үчүн эскертебиз» деген сөзүнө каршылык көрсөткөндүгүн жазган. Чавушоглу : «Сиз кимден алган жоопкерчилик менен Түркиянын Сириядан чыгышы керектигин айтып жатасыз же Түркияны эскертип жатасыз? Биз Сирияны бөлүүнү каалабайбыз; бирок силер Сирияны бөлүүнү каалаган ПКК террористтерине жардам берүү үчүн Түркиянын Сириядан чыгышы керектигин айтып жатасыңар»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Челик : Армения каракчылар сыяктуу жарандарга кол салууда» деген маалыматында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челиктин Борбордук иш алып баруу кеңешинин жыйынынан кийин берген билдирүүсүндө : «Сөзү болуп жаткан жерлер Азербайжан жери. Бул жерде баскынчы болгон Армения. Эл аралык мыйзамды ачык бузган Армения. Армения каракчылар сыяктуу  жарандарга кол салды. Биз Азербайжандын көргөн ар бир чарасынын аркасында экендигибизди кайталайбыз. Кандай кааласа Түркия жандарында болот»,- дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Министр Албайрак : ОЕСДде биринчи, дүйнөдө экинчи орундабыз» деген макаласында казына жана финансы министри Берат Албайрактын өнөр жай өндүрүшү тууралуу берген маалыматында : «ОЕСДде  биринчи, дүйнөдө экинчи орундабыз. Август айынын өнөр жай өндүрүшү жылдык 10, 4 пайыз; чекене сатуу көлөмү 5,8 пайызга өсүп тармактык жүгүртүү индекси жылдык 23,5 пайызга жогорулады»,- дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору Европада экинчи орунда» деген кабарында Европалык аэронавигациялык коопсуздук уюмунун (EUROCONTROL) маалыматтары боюнча; Түрк аба жолдору Европада эң көп учкан компаниялардын арасында экинчи орунду ээледи жана желек ташуучу авиакомпаниялардын арасында эң алдыңкы орунда экендгин белгилеген.

«Стар» гезити : «Дөнмез : «Кануни» кемебиз Кара деңизди башкарат» деген маалыматында  энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин твиттерден берген маалыматында : « «Кануни» бургулоо кемебиз  Мерсин -  Ташужунан чыгып «Явузга» салам берип Хайдарпаша портуна карай багыт алды. Босфор даярдыктарын бул жерде көрө турган «Кануни» Кара деңизди башкарат»,- дегенин жазган.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар