Түрк басма сөзү 13.10.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1508016
Түрк басма сөзү 13.10.2020

 

«Стар» гезити «Эрдогандын Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу кыймылы» деген кабарында Президент Эрдогандын кечээ Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелге телефон чалып, Түркиянын жакшы ниет  кыймылына карабастан Грециянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде чыңалууну күчөткөн кадамдарын  улантып жатканын айтканын жазга. Эрдоган Түркия сунуш кылган Чыгыш Жер Ортолук деңиз конференциясынын өткөрүлүшү үчүн Европа Биримдигинен так кадамдардын ташталышын күтүп жатышкандарын белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Тышкы иштер министрлигинен Грецияга Оруч Реис тууралуу жооп» деген макаласында тышкы иштер министрлигинен Грециянын тышкы иштер министрлигинин Оруч Реистин аткара турган иштери үчүн жарыяланган NAVTEXке байланыштуу негизсиз ойлорду ортого салып нааразычылыктарын кайталагандыгы белгиленип : «Чыгыш Жер Ортолук деңизинде узун жээги болгон өлкөбүздүн кургактыгына 15 километр аралыкта иш алып барышына нааразычылык көрсөтүлүшү кабыл алынгыс»,- деп билдирилди.

«Хабер түрк» гезити «Алтун: меники болгон меники, сеники болгон сүйлөшүлүшү керек деп жаткан болсоң сүйлөшүү болбойт» деген маалыматында коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтундун кечээ Оруч Реис кемесинин кызматына кайтышы тууралуу берген маалыматында : «Күнүмдүк текшерүүдөн кийин Чыгыш Жер Ортолук деңизге кайтты. Деңиз юрисдикциясынын чегинде ишин улантат. Сөзүбүз ачык : меники болгон меники, сеники болгон сүйлөшүлүшү керек десеңер сүйлөшүү болбойт»,- деп билдиргенин жазган.

«Сабах» гезити «Түркия менен Россиянын ортосунда орчундуу сүйлөшүү» деген кабарында Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен телефондо сүйлөшкөнүн белгилеген. Министрликтен сүйлөшүү тууралуу берилген маалыматта : «Армениянын Азербайжанга кол салышы, Идлиб жана Ливия менен коргонуу жана коопсуздук темалары тууралуу пикир алышууларда болушту. Акар Шойгуга жарандык отурукташуу жерлерине кол салган Армениянын муну токтотушу жана басып алган жерлерден чыгарылышы керектигин айтты»,-  деп билдирилди.

«Ватан» гезити «Түркияда бир алгачкы : литий өндүрүлөт» деген макаласында Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркияда литий өндүрүлөрүн билдиргенин жазган. Жергиликтүү литийдин жергиликтүү электрлүү автомобилдерде да колдонуларын айткан Дөнмез ушунун негизинде жогорку көлөмдүү бир комплекстин турмушка ашырыларын билдирди.

 

 

 



Тектеш кабарлар