Түрк басма сөзү  12.10.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1507294
Түрк басма сөзү  12.10.2020

«Ватан» гезити «Чавушоглу орус кесиптеши Лавров менен сүйлөштү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ орус кесиптеши Сергей Лавров менен өткөргөн сүйлөшүүдө Армениянын ок атышпоого баш ийүүсү боюнча эскертилиши керектигин талап кылганын жазган.

«Сабах» гезити «Согуштук кылмыш кылган Арменияга Түркия катуу каршылык көрсөттү» деген макаласында улуттук коргоо министрлигинен Армениянын жарандарга карата кол салуусунан кийин дүйнөгө чакыруу салганын белгилеген. Улуттук коргоо министрлиги билдирүүсүндө : «Согуштук кылмыш жана адамзаттык кылмыш кылган Армения эми ок атышпоо эрежелерин бузууда. Армения ок атышпоо түзүлгөнүнө карабастан жарандык отурукташуу жерлерине кол салууну улантууда. Эл аралык коомчулук Арменияга каршы үнүн жогорулатышы керек»,- деп билдирилди.

«Стар» гезити «Коргоо жана авиация өнөр жайынын экспортунда эң көп үлүш Азербйжандыкы» деген маалыматында Түркиянын коргонуу жана авиация өнөр жай тармагында өткөн айда эң көп экспортту 77 миллион 167 000 доллар менен Азербайжанга жасаганын билдирген.

«Хүррийет» гезити «Даяр кийим жана эскпортунда жогорулоо улантылууда» деген кабарында автомобиль өнөр жайынан кийин Түркиянын экспортто эң көп салым кошкон даяр кийим тармагы өткөн айда 1, 8 миллиард долларлык экспортко кол койгонун жазган.

«Хабер түрк» гезити болсо «Россия : 1 -  Түркия :1» деген макала жарыялап улуттук курама командасынын УЕФА улуттар лигасынын 3 -  группадагы үчүнчү оюнунда Россия менен 1 – 1ге барабар болгонун белгилеген. 28 -  минутада Миранчуктун киргизген голу менен артта калган улуттук команда 62 -  минутада Кенан Карамандын киргизген голу менен барабардыкка жетишти.

 

 



Тектеш кабарлар