Түрк басма сөзү  9.10. 2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1505908
Түрк басма сөзү  9.10. 2020

«Хүррийет» гезити  «Эрдогандан Карабах билдирүүсү : чечүүчү жол басып алуунун акырына чыгышы» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Түркия  - Африка экономикалык формунун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Тоолуу Карабах маселесине токтолуп : «Армениянын келишпес жана эрке баладай болгон мамилесинин айынан  30 жылдан бери гангренага айланган бул маселенин  чечилүү жолу басып алуулардын токтотулушу»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу менен грек кесиптеши макулдашууга барды» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас менен жолугушкандыгын жазган. Чавушоглу жолугушуудан кийин чалгындоо сүйлөшүүлөрүнүн өткөрүлүшү боюнча макулдашкандарын айтты.

«Сабах» гезити «Түркиядан энергетика боюнча дагы бир кыймыл» деген макаласында энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Алпарслан Байрактардын : "Алиага жана Хатай-Дөртйолдогу системага эки FSRU (калкып чыккан СНГ сактоочу жана газдаштыруучу блокторду) коштук. Үчүнчүсү боюнча иштер Сарос шаарында жүрүп жатат. Кийинки жылы биздин инфраструктурабызга кошулат деп ишенем" , - деди.

«Стар» гезити «Financial Times : Түркия куралдуу учкучсуз аба аппараттарында АКШ, Израиль жана Кытайга олуттуу конкурент болду» деген кабарында Financial Times гезитинин Түркиянын куралдуу учкучсуз аба аппараттарында АКШ, Израиль жана Кытайга олуттуу бир конекурент катары ортого чыкканын жазган. Кабарда : «Кеңейген түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын өнөр жайы Түркиянын курал алуусунда батышка болгон көз карандылыгын азайтуу жана улуттук сыймыгын жандандыруу максатында коргонуу өндүрүшүн арттырууга карата 20 жылдык аракеттин жыйынтыгы»,- деп жазылды.

«Йени шафак» гезити «Дүйнөдө бир гана Элазыгда өндүрүлүүдө» деген макаласында бир гана Элазыгдын Алажакая районунда чыгарылган жана түсүнөн улам чоң кызыгуу көргөн «алча түстүү» мрамордун АКШ, Германия, Италия жана башка 45 өлкөгө экспорттолуп жаткандыгын белгилеген. Заводдун экспорттоо боюнча директору  Салих Туфан : «Дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнө жиберген продукциялар бир топ престиждүү проекттерде колдонулду жана колдонулууну да улантууда. Бул курулуштардын башында Кааба отурукташуусунун ичиндеги Сафа  - Мерве, Месжид  -  и Харам, королдук сарайлар, Ак үй сыяктуу курулуштарда колдонулду»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар