Түрк басма сөзү  07.10.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1504353
Түрк басма сөзү  07.10.2020

«Сабах» гезити «Эрдоган Макронго кыжырданды» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ Мечиттер жана дин кызматкерлери жумалыгы программасында ислам душмандыгын сынга алганын, Франциянын президенти Еммануэль Макрондун чыр  - чатактуу сөздөрүнө каршы чыкканын билдирген. Эрдоган Макронго : «Исламды структуралаштыруу тууралуу сөз кылышы адепсиздик. Сен кимсиң исламды структуралаштыруу  деген сөздү сүйлөгүдөй»,- деди.

«Стар» гезити «Эрдоган : Жабык Мараштын толугу менен ачылышын каалайбыз» деген маалыматында  Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер  - министри Эрсин Татардын кечээ Түндүк Кипр Түрк Республикасынын суу менен камсыздоо долбоорунун куурун оңдоп - түзөөдөн кийин суу менен камсыздоо аземинде сөз сүйлөгөндүгүн жазган. Татар : «Бейшемби күнү элибиз Жабык Мараш жээгинен пайдалана баштайт»,- деди. Президенти Эрдоган да : «Мараштын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жери экендиги бир чындык. Мараштын жээк тилкесин элдин пайдалануусуна ачууну толугу менен колдойбуз. Бул тууралуу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мекемелерине бардык колдоону берүүгө даярбыз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу : мындай болбой турганын бүткүл дүйнө түшүнүшү керек» деген маалыматында Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ Азербайжандын борбор шаары Бакуга жасаган сапарында Тоолуу Карабахтагы кагылышуулар тууралуу сөз сүйлөгөнүн жазган. Чавушоглу : «Капканга түшкөн Армения жарандык отурукташуу жерлерине кол сала баштады. Бул адамзаттык кылмыш. Армениянын ичине түшкөн чарасыздыктын көрсөткүчү. Минск өлкөлөрү баскынчы менен жабыр тарткан өлкө Азербайжанды бир карап жатат.  Мындай болбой тургандыгын бүткүл дүйнө түшүнүшү керек»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Президенттиктин катчысы Калындан билдирүү» деген жазуусунда президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын эл аралык коомчулуктун Азербайжан жерлеринин качан эркиндикке чыгарына байланыштуу бир күндү ачыкча ортого коюшу, бул тууралуу ЕККУнун Минск группасынын да өз ишин аткарышы керектигин белгилеп : «Аткара албаса, керек болсо Минск группасынын ордуна башка механизмдер, альтернатив мекемелер аткарып көрүшү керек»,- деди.

«Ватан» гезити «Украина 48 түрк куралдуу учкучсуз аба аппаратын алууну пландап жатат» деген кабарында Украинанын мамлекеттик курал соода фирмасы Ukrspetseskportтун башкы менеджери Вадим Ноздрия Байрактар ТБ 2 куралдуу учкучсуз аба аппаратынын Украинада биргелеше өндүрүүнү каалашкандарын белгилеп, 48 даана куралдуу  учкучсуз аба аппаратын сатып алууну пландашкандарын билдирди.



Тектеш кабарлар