Түрк басма сөзү  06.10.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1503544
Түрк басма сөзү  06.10.2020

«Хабер түрк» гезити «Террор менен күрөштө ийгиликтүү мезгилди жашап жатабыз» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын Президенттик комплексте кечээ өткөн Президенттик Кабинет жыйынынан кийин Түркиянын террор менен күрөшүүдө тарыхынын эң ийгиликтүү мезгилин жашагандыгын айтканын жазган. Эрдоган : «Бул мезгилде кенен аймакта элдердин негизинде түзүлгөн кенен достук жана боордоштукту артыбызда көрүнбөгөн күч катары кабыл алабыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити  «Чавушоглу менен Столтенбергден билдирүү» деген кабарында Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ борбор шаар Анкарага келген НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушкандан кийин Армения – Азербайжан кагылышуусу тууралуу Армениянын согуштук кылмыш кылгандыгын айтып : «Тилекке каршы 30 жылдан бери бул маселени чечүү тууралуу так бир  сунуш келген жок. Азербайжандын Түркиядан колдоо талабы жок бирок боло турган болсо колдоо беребиз»,- деди. Столтенберг болсо : «Абалды жакындан иликтеп жатабыз. Тынчсызданууларыбыз бар. Кагылышуу акырына чыгышы керек»,- деди.

«Сабах» гезити «Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Макронго каршылык көрсөттү : чагымчыл жана коркунучтуу» деген кабарында  президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын Франциянын президенти Еммануэль Макрондун «Ислам кризисте» деген оюнун исламга каршы карата душмандыкты күкүткөн чагымчыл сөз экендигин белгилегенин билдирген. Калын твиттерден : «Франциянын өз каталары үчүн исламды жана мусулмандарды күнөлөөсү акылга сыйбайт»,- деди.

«Ватан» гезити « «Явуз» бургулоочу кемеси «Сечуклу  - 1» кудугунда баштаган ишин аяктады» деген макаласында энергия жана жаратылыш булактары министрлиги «Явуз» бургулоочу кемесинин күйүүчү май жүктөө жана оңдоо иштери үчүн Мерсиндин Ташужу портуна кайтканын билдиргенин жазган. Министрликтин соцтармактан берген маалыматында : «Явуз бургулоо кемеси 24 -  апрелде «Селчуклу  - 1» кудугунда баштаган ишин аяктап кийинки иши үчүн даярдануу, оңдоо жана күйүүчү май кую иштери үчүн Ташужу портуна кайтты. Порттогу даярдык иштеринен кийин «Явуз» жаңы багытта бургулоо иштерин улантат»,- деп билдирилди.

«Стар» гезити «АКШ журналы: Түркиянын душмандарын кыйын күндөр күтүүдө» деген маалыматында Американын «Форбес» журналынын Түркиянын учкучсуз аба аппаратынын күчүн карап чыккан макаласында Түркиянын душмандарынын  кыйын күндөрдү жашай тургандыгын жазганын белгилеген. Макалада Байрактар «Акынжы» чабуул коючу учкучсуз аба аппаратынын түрк коопсуздук күчтөрүнө бере турган чалгындоо кабарлары, байкоо жана бутага алуу мүмүкнчүлүктөрү менен келерки 10 жылдын «оюн куруучусу» болорун айтуусу көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар