Түрк басма сөзү 01.10.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача мааламаттар.

1500739
Түрк басма сөзү 01.10.2020

«Ватан» гезити «Президент Эрдогандын Европа Биримдигинин лидерлерине каты» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Европа Биримдигинин (ЕБ) мекемелеринин жетекчилерине жана мүчөлө өлкөлөрдүн лидерлерине кат жөнөтүп, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизи маселесине болгон мамилеси жана көйгөйдү чечүү боюнча сунуштарын билдиргенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу: Азербайжандын каалаганын жасайбыз» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ Армениянын Азербайжан аймагына баштаган кол салууларга байланыштуу: «Азербайжан муну аянтта чечүүнү кааласа, биз Азербайжандын жанында болобуз. Азербайжан кааласа, биз керектүү нерсени жасайбыз. Бирок биз Азербайжандын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү экендигин көрүүдөбүз»,-деп атканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсү: Армения жалган дооматтарды коюп жатат» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) Армения түрк учактары жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар (КУКA) боюнча жалган айыптоолорду жасады деп билдиргенин маалымдаган.  Министрликтин билдирүүсүндө, «Алар Армениянын каршысында Түркиянын болгону жөнүндө түшүнүк жаратып, аркасындагы колдоону арттырууну максаттаган кара пропагандасынан башка эч нерсе эмес»,делди.

«Стар» гезити: «Министр Караисмайлоглу: Түркиянын авиация тармагында дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирди» деген маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун Түркиянын авиация тармагында дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн катарында орун алганын айтканын жазган. Карайсмайлоглу: «Биз 2003-жылы 26 болгон аэропортторубуздун санын  56га жеткирдик. Ички каттамдарда 2 борбордон 26 каттамга болгон учуу тейлөөбүздү, 7 багыттан 56 багытка жеткирдик. Эл аралык 60 каттамга болгон эл аралык каттамдарыбыз 127 мамлекетте 329 каттамга жетти. Бул инвестиция менен биздин сектордун жүгүртүүсү 2,2 миллиард доллардан 27,2 миллиард долларга көтөрүлүп, биздин өлкө авиация жаатында дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирди»,- деди.

«Хабер түрк» гезити: «Денизлиде 9 миллион жылдык тарыхы бар сөөктөр табылды» деген кабарында  Маданият жана туризм министрлигинин координациясы менен жүргүзүлгөн казуулар учурунда Денизлинин Тавас жана Бейагач райондорунда 9 миллион жыл мурун жашаган деп эсептелген пилдер менен антеатрлардын калдыктары табылганын жазган. табылды. Окутуучу, Дөр Ахмет Ихсан Айтек, аймакта Анадолуда буга чейин аныктала элек түтүгү бар фоссилдүү сүт эмүүчүлөрдүн да табылгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар