Түрк басма сөзү  30.09.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыска маалыматтар.

1499925
Түрк басма сөзү  30.09.2020

«Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглу так айтты : бул маселенин бир гана чечүүчү жолу бар» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ Азербайжандын Анкара элчилигине барып : «Бул маселенин бир гана чечүүчү жолу бар ; Армения басып алган Азербайжан жерлеринен чыгышы керек. Бул аткарылмайынча маселе чечиле албайт. Аянтта да столдо да Азербайжандын жанындабыз. Бул маселени түп тамырынан чечүүнү каалайбыз»,- дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Алтундан Ф  - 16 билдирүүсү» деген маалыматында коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтундун кечээ берген маалыматында түрк аскердик учактарынын Арменияга таандык Су  - 25 аскердик учагын атып түшүрдү деген сөздөрдү жалганга чыгаргандыгын белгилеген. Алтун : «Армения мындай арзан пропаганда оюндарын ойногондун ордуна эртерээк басып алган жерлерден чыксын»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Өмер Челик : Армения ал жерде баскынчы» деген кабарында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челиктин кечээ партиянын борборунда өткөрүлгөн Борбордук иш алып баруу кеңешинин жыйынында Түркиянын Азербайжандын жанында экендигин баса белгилеп : «Азербайжан жерлерин коргоо укугуна ээ. Карабах аймагы Азербайжан жери. Армения ал жерде баскынчы»,- дегенин белгилеген.

«Ватан» гезити «Жаңы сүйүнчүбүз бар деп билдирилди» деген макаласында Түркиянын алгачкы аскердик деңиз канаттуу ракетасы «Атмажанын» кыйын тесттердин бирөөсүнөн дагы ийгиликтүү өткөнүн жазган. Президенттиктин коргоо  өнөр жай боюнча төрагасы Исмаил Демир : «Жаңы сүйүнчүбүз» бар деп «Атмажа» ракетасы тууралуу  маалыматтарды бөлүшкөн. Демир : «Кечээ Атмажанын акыркы тесттеринин бирөөсү дагы ишке ашырылды.  Тест ийгиликтүү болду. Дагы бир тести калды. Акырына келдик. Массалык өндүрүү иштеринин да башталышын күтүп жатабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Сентябрь айында экономикалык ишеним индекси билдирилди» деген кабарында Түркиянын экономикалык ишеним индексинин сентябрь айында айлык базада 3,1 пайызга өсүп, 88,5 баллга көтөрүлгөнүн жазган.



Тектеш кабарлар