Түрк   басма сөзү  29.09.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1499280
Түрк   басма сөзү  29.09.2020

«Стар» гезити «Армениянын кол салууларына каршы Түркия Улуттук Парламентинде 4 партиядан  биргелешкен билдирүү» деген кабарында Түркия Улуттук Парламентинде фракциясы болгон Адилеттик жана Өнүгүү Партиясы, Республикалык Элдик партиясы, Улуттук Кыймыл партиясы жана ИЙИ партиясы 28 -  сентябрь күнү Армениянын Жогорку Карабахта ок атышпоо жана эл аралык мыйзамды бузуп Азербайжандын жарандык отурукташуу жерлери менен аскерлерин бутага алган кол салууларын биргелешкен билдирүү менен айыптаганын жазган.  Билдирүүдө  : «Биз, эл аралык мыйзамдан келген мыйзамдуу коргонуунун негизинде элин коргоо жана жеринин бүтүндүгүн түзүү максатында Азербайжандын коргонуусун жактайбыз», - деп билдирилди.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : Армения басып алган жерлерден чыгышы керек» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын Армения басып алган жерлерден чыгышы керектигин, аймакта Тоолуу Карабахтын басып алынышы менен башталган кризисти эми токтотуу керектигин айтканын белгилеген. «Минск үчтүгү» деп аталган, АКШ -  Россия – Франциянын 30 жылдан бери бул маселени чече албагандыгын, чечүү үчүн да колдорунан келгенди аткаргандарын айткан Эрдоган Азербайжандын : «Эми  эсептешүүнүн убагы келди»,- деп бул маселени өзү чечүүгө мажбур болгондугун айтты.

«Йени шафак» гезити «Түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары Ливия жана Сириядан кийин Тоолуу Карабахта дастан жазды» деген маалыматында Ливия жана Сириядагы согуштун тең салмактуулугун өзгөрткөн түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары бул жолу Азербайжан позицияларына кол салган Армения армиясына абдан оор сокку ургандыгын жазган. Куралдуу учкучсуз аба аппараттары Тоолуу Карабахтагы  кагылышууларда бир күндө 22 зооттуу унаа менен 15тен ашуун абадан коргонуу системасын атты. Куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын оюн өзгөрткөн ролуна басым жасаган адистер буга жаңы бир доордун башталышы катары карашууда.

«Хабер түрк» гезити «Армениядан моюнга алуу: бардык позицияларыбызды жоготтук» деген кабарында Азербайжан  - Армениия ортосунда катуу кагылышуулар улантылып, Азербайжан армиясынын алдыга карай жылып бара жаткандыгын билдирген. Армения басып алган Тоолуу Карабахтын лидери Арайик Харутюнан да моюнга алды. Харутюнан : «Карабахтын түштүгүндөгүү бардык позицияларыбызды жоготтук. Өлгөндөрдүн  саны арбын»,- деди.

«Ватан» гезити «Түркияда алгачкы Ковид  - 19 вакцинасы жасалды» деген кабарында Стамбул университети – Жеррахпаша, Жеррахпаша медициналык факультетинде жаңы тип коронавируска карата Кытайга таандык активдештирилбеген 3 -  фаза иликтөөлөрүнүн негизинде алгачкы вакцинанын  жасалганын маалымдаган. Вакцина Түркияда биринчи болуп 53 жаштагы бейтапрады кароочу болуп иштеген Асым Баштүрккө жасалды. Дагы  ишенимдүү вакциналар табылганга чейин изилдөөлөрдүн улантылары, жалпы маалыматтарга караганда январь же февраль айларында жалпы эмдөөлөрдүн башталышы мүмкүн экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар