Түрк басма сөзү  28.09.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1498568
Түрк басма сөзү  28.09.2020

«Ватан» гезити «Азербайжандан каршы кол салуу» деген кабарында Азербайжан  - Армения ортосунда катуу кагылышуу болуп жатканын жазган. Азербайжан Коргоо министрлигинин Армения куралдуу күчтөрүнө каршы согуш аракеттерин жана калктын коопсуздугун түзүү максатында алдыңкы линия боюнча каршы чабуул коюу чечимин кабыл алынганын жарыялады. Кечээ эрте мененки сааттарда  армян күчтөрүнүн Азербайжандын жарандык отурукташуу жерине ок атышы менен кагылышуулар башталды. Азербайжан армиясы каршы чабуул коюп кээ бир отурукташуу жерлерин басып алуудан куткарган.

«Хабер түрк» гезити «Түркиядан Азербайжанга толук колдоо» деген маалыматында Президент Р. Т. Эрдогандын Азербайжанга карата кол салууларына дагы бир жаңысын кошкон Армениянын  аймакта тынчтыктын жана бейкуттуктун алдындагы эң чоң коркунуч экендигин дагы бир жолу көрсөткөнүн айтканын билдирген.   Эрдоган : «Түрк улуту ар дайым болгондой  бүгүн да бардык мүмкүнчүлүктөрү менен азербайжандык боордошторунун жанында»,- деди.

«Сабах» гезити «Түндүк Кипр Түрк Республикасынан Азербайжанга тилектешүү кабары» деген маалыматында  Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжынын  Армениянын Азербайжан жерлерине карата кол салууну айыптаганын белгилеген. Президент Акынжы берген жазуу түрүндөгү маалыматында Армения менен Азербайжандын ортосунда чечилбей келе жаткан Карабах меселесинин дагы бир жолу катуу кагылышууга айлангандыгын белгиледи. Акынжы : «Дос жана бир тууган Азербайжан калкына Кипр түрк калкынын атынан тилектештик сезимдерибизди билдирем»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түрк куралдуу күчтөрүнө жаңы зениттик курал» деген кабарында Түрк куралдуу күчтөрүнүн толугу менен жергиликтүү жана улуттук мүкүнчүлүктөр менен чыгарылып атуу тесттери ийгиликтүү болгон 25 миллиметрдик зениттик системаны инвентарына кошууга даярданып жатканын жазган. Зооттолгон унаалар жана алыстан башкарылган курал мунараларында колдонууга боло турган курал, бардык аба шартында жана согуштук чөйрөдө  негизги курал катары кызмат кыла алат.

«Стар» гезити «Текнофест - 2020 ийгиликтүү аяктады» деген маалыматында бул жылы үчүнчүсү өткөрүлгөн дүйнөнүн эң чоң авиация, космостук жана технология фестивалы «Текнофест - 2020 Газинатеп» чоң  кубаныч менен аяктаганын жазган. 4 күнгө созулган технология фестивалынын негизинде 21 категорияда өткөрүлгөн жарыштарда даражага кирген ысымдарга сыйлыктар тапшырылды. Түрк жылдыздары жана Соло түрктүн фестивалда көрсөткөн көркөмдүү учуулары чоң кызыгуу жаратты. Атак тик учарлары да фестивалга катышты.

 



Тектеш кабарлар