Түрк басма сөзү 24.09.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1496406
Түрк басма сөзү 24.09.2020

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандын маанилүү видео жолугушуусу» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен видео конференция өткөргөнүн маалымдаган. Коммуникайия башкармалыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, жыйында, негизинен чыгыш Жер Ортолук деңизинен баштап Түркия-ЕБ карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

«Хабер түрк» гезити «Министр Дөнмез: Кара деңиз газы биз импорттогонго караганда үнөмдүү болот» деген кабарында Кара деңизде газдын табылышы жөнүндө энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин, «Биздин эсептөөлөргө ылайык, биз бүгүнкү шартта импорттогон газга караганда экономикалык жактан алда канча көп өндүрөбүз», дегенин баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Экономикабыз жогорулоо белгисин берди» аттуу маалыматында кардардын ишеним индекси сентябрь айында ай сайын 3,2 пайызга жогорулап, 82 пайыз болгонун маалымдаган.  Казына жана каржы министри Берат Албайрак: «Биздин экономика үчүнчү чейректе күчтүү жогорулоо белгисин берди. Август айына салыштырмалуу кардарлардын ишеним индекси 3,2 пайызга көбөйүп, 82 пайызды түздү. Маалыматтар жакшы. Жылды алдын-ала божомолдогондон дагы жакшы натыйжа алып жыйынтыктайбыз деп ишенем», - деди.

«Сабах» гезити «Түркияда чыгарылган автобустар, микро автобустар жана маршруттук таксилер 87 мамлекеттин жолдорунда» аттуу кабарында Түркия январь-август мезгилинде 916 миллион 533 миң долларлык автобус, кичи автобустар жана маршруттук таксилерди экспорттогонун жазган. Улудаг Автомобиль өнөр жайы экспортчулар биримдигинен (OİB) алынган маалыматка караганда Европа өлкөлөрү баштаган 8 айлык экспортто Чехия, Россия жана Мексикага экспорттун көлөмүндө олуттуу өсүш болду.

«Ватан» гезити «Бул биздин заманга чейинки, туура 4 миң жылдык» аттуу маалыматында Денизлинин Чиврил районундагы Бейчесултан дөбөсүндө уланып жаткан казуу иштеринин жүрүшүндө 4000 жылдык текстиль цехи табылганын маалымдаган. Аткарылган иштер жөнүндө маалымат берген проф. Д-р. Эшреф Абай: «4 миң жыл мурун Денизли аймагында абдан катуу текстиль өндүрүшү болгонун түшүнөбүз. Бул бизге текстиль өндүрүшү илгертен бери улуу салтка айланганын көрсөтөт»,- деди.



Тектеш кабарлар