Түрк басма сөзү 23.09.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1495753
Түрк басма сөзү 23.09.2020

«Сабах» гезити «Түркия Бириккен Улуттар Уюмунда Палестинага колдоо көрсөттү» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын видео билдирүү аркылуу БУУнун 75 -  Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышып, Израилдин Палестинага карата кысым, күч колдонуу жана баш тарттыруу саясаттарын жүргүзгөндүгүн белгилегенин жазган. Эрдоган : «Палестина маселеси 1967 -  жылда белгиленген чектердин негизинде борбору Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, эгемендүү Палестина мамлекетинин түзүлүшү менен гана чечиле алат»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандан бүткүл дүйнөгө вакцина тууралуу билдирүү» деген макаласында Президент Эрдогандын БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө кайсы өлкөдө чыгарылса чыгарылсын, колдонууга даяр абалга алып келине турган вакциналардын адамзаттын биргеликте пайдалануусуна сунушталышы керектигин айтканын билдирген. Эрдоган медициналык каражат, дары  - дармек, вакцина чыгаруу иштеринде конкуренцияга кирбөөгө чакырды.

«Хүррийет» гезити «Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде алдыңкылык берген тема теңдик» деген макаласында Президент Эрдогандын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде  келишпестиктердин диалог менен эл аралык мыйзамдын негизинде, теңдикке ылайык чечилишин каалашкандарын белгиледи. Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги жээктеш өлкөлөрдүн арасында диалог жана кызматташууну түзүүгө карата чакыруусун кайталаган Эрдоган : «Ичинде Кипр түрктөрү да болгон аймактык бир конференциянын өткөрүлүшүн сунуш кылабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Түркия менен Франциянын ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүүлөр. Тема : Чыгыш Жер Ортолук деңиз» деген кабарында Президент Эрдогандын Франциянын президенти Еммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдаган. Эрдоган сүйлөшүүдө Чыгыш Жер ортолук деңиздеги чыңалуунун себебинин Түркиянын жана Кипр түрктөрүнүн аймактагы мыйзамдуу укуктарынын жок деп саналышы экендигин белгилеп, Франциянын Греция жана Кипр рум бөлүгүнүн чыңалууну күчтөндүргөн максималист доо жана кадамдарын колдогондугун түшүнбөгөнүн белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Түркиядан Грецияга аскердик эскертүү» деген макаласында Түркиянын Лимни аралынын 1923 -  жылдагы Лозанна келишими менен белгиленген аскердик болбогон статусту бузганы үчүн Эгей деңизинде жаңы Navtex жарыялаганын  жазган. Жарыяда : «Лимни аралынын келишим менен белгиленген статусу бузулду»,- деп билдирилди. Жетекчилер билдирүүнүн 24 -  сентябрь Түркия убактысы боюнча саат 11:00гө чейин жарактуу болорун жарыялашты. Түркия өткөн күндөрдө да ушуга окшогон Navtexти Мейс аралы үчүн да билдирген.



Тектеш кабарлар